Шариктен жасалган гүлдөрдү саткан кичинекей Эрмекке мэрия жардам берет

Таенеси Айсулуу апага жардам берүү үчүн шариктерден жасалган гүлдөрдү саткан кичинекей Эрмектин үй-бүлөсүнө мэрия жардам көрсөтөт. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

Эрте жашынан мээнет тарткан баланын таенеси, чоң энеси, 5 жана 1,5 жаштагы бөбөгү бар. Апасы Россияга иштегени кеткен.

Балдар ишин караган комиссиянын чечими менен Эрмек Абдурахманов жаңы окуу жылынын башталышында №20 мектепке киргизилет. Ал эми анын кичинекей карындашынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү калыбына келтирилип, №135 бала бакчага барат. Ошондой эле үй-бүлөгө социалдык колдоо көрсөтүлүп турарын мэриядан маалымдашты.

Булак: Спутник

Аргумент.kg
Жооп калтыруу