Шакинин «шайтан оюндары» же жол куруу тармагындагы “афера”

Мамлекетте коррупцияга каршы күрөш тынымсыз жүрүп жаткандай көрүнгөнү менен жол куруудагы “афера” күчөп бара жатканы жашыруун эмес. Бул көрүнүш мамлекеттин жана президенттин беделин түшүргөн чоң маселе десек жаӊылышпайбыз. А түгүл, президент Сооронбай Жээнбековдун коррупция менен тыгыз күрөм деген максатын айрым аткаминерлер тамаша катары сезип жүргөнү байкалат.

Сөзүбүз куру болбош үчүн айрым мисалдарга токтолуп кетели. Жол куруу тармагында айрым үлкөн компаниялардын үстүнөн “доляга ” олтурган эргулдар бар экендиги маалым болду . Тактап айтсак, Кыргызстанда “AzVirt” Limited Liability Company деген аталышта жол куруу компаниясы бар. Аталган компаниянын өкүлү Азербейжан Республикасынын жараны Иса Акбулут. Компанияны Ак үй тараптан кадимки Шаршенбек Абдукаримов көмүскөдө тейлеп, алардын терисин тескери сыйрып, аталган компанияга оң колун олтургузуп койгон.

Ал өкүлдүн аты-жөнү Кулжигачов Рысбек Султанкулович. Улуту кыргыз, 1983-жылы 5-декабрда туулган. Кыргызстанда бул жигиттин атына фирма түгүл, тооккана дагы катталган эмес. Ал эми азыркы кызматы “AzVirt” Limited Liability компаниясынын көмүскөдөгү координатору. Көмүскөдө болгону менен мамлекеттик кызматта иштебесе дагы көп маселени чечип келет. Кулжигачов Рысбек тууралуу айрым аткаминерлер, тийиштүү органдар дагы кабардар болгону менен азырынча алар тараптан чара көрүлө элек. Эми бул айтылгандарды далилдер менен бышыктайлы.

Рысбек Кулжигачов транспорт министрлигине барып “афералык” кызматты аркалап келген экен. Тактап айтканда, “Шаршенбек Абдукаримовдун айтканын жасап атам, анын буйругу”, деп Кытай компаниясы менен биргелешкен Суусамыр-Тараз жолдорун оңдоп түзөө долбоорун “мен уттуруп, мен чечтим” деп айтылуу Шаршенбек Абдукаримовдун атын саткан жагдайы бар. Эске салсак, жакында эле болуп өткөн ЕврАзЭС каржылаган Маданият-Жалал-Абад жолун курууда азербайжандык “AzVirt” Limited Liability компаниясынын тендерден утуп алганы маалым. Аталган компаниянын өкүлдөрүнө эргул Рысбек Кулжигачов “силердин компанияңар тендерден утканына Шаршенбек Абдукаримов демилге көрсөтүп, Ак үй, ЖК, Өкмөт менен сүйлөшүп өткөрдү.

Долбоордун өтүшүнө “Кыргызстан” саясый партиясынын демилгеси чоң, биз министрлерге, депутаттарга акча бердик деп, “AzVirt” Limited Liability компаниясынан 300 миң АКШ доллардан акча алганы маалым болду. Буга далил, маалымат транспорт министри Жамшит Калиловго оозеки түрүндө жеткен. Калилов “AzVirt” Limited Liability компаниясынын өкүлүн чакырып, министрликте же болбосо өкмөттө эч кандай Кулжигачов Рысбек жана Тимур аттуу жигиттер иштебегенин айтып, аларды жогорку жол куруудагы иштерге аралаштырбоону эскерткен. Бул маалыматты уккандан кийин алкомагнат Шаршенбек Абдукаримов кыжыры кайнап, жергиликтүү ММКларга министр Калиловду каралап жаздырганга чейин жетишиптир. А түгүл, кайран Шаки (эл арасындагы каймана аты) “AzVirt” Limited Liability компаниясынын өкүлүнө “министр жогорку кылыгы менен буйругу үчүн бир айдын ичинде кызматынан кетет. Аларды кызматка койгон биз, кызматтан алган да биз”, деп күпүлдөгөн. Ошентип жогорку жоруктар министрлерге жеткенден кийин шаштысы кеткен Шаршенбек Абдыкеримов Рысбек Кулжигачов менен Тимур аттуу оң колдорун көмүскөгө коюп, ордуна бүгүнкү күндөгү “Кыргызстан” саясый партиясынын депутаты Руслан Чойбековду алып келип, “AzVirt” Limited Liability компаниясынын өкүлчүлүгүнө “мындан ары кураторлук кызматты ушул жигит аркалайт”, деп тааныштырган. Андан кийин депутат Руслан Чойбеков “Маданият-Жалал-Абад курулуш жолуна мамлекет тарабынан мыйзамдуу түрдө бөлүнө турган каражатты, каржы министрлигине телефон чалып чечтим” деп өзүнүн кураторлугун тастыктаган. Бул боюна атайын укук коргоо органдары УКМК каржы министри менен Чойбековдун сүйлөшүүлөрүн тактап текшерсе кашкайган чындык чыгат. Ал тургай Рысбек Кулжигачов менен Тимур аттуу жигит, анын менен бирге эле Руслан Чойбеков аралашкан окуяларды кылдаттык менен текшерип, “Azvirt” компаниясына бир нече жолу барып келгендигин тактаса болот. Ушундай эргулдардын кесепетинен учурда Маданият-Жалал-Абад жол курулуш токтоп, Шаршенбек Абдукеримовдун шайтан оюндары Өкмөттү, Жогорку Кеңешти, бийликти калкка жаман көрсөтүп, жол куруу иштери жүрбөй токтоп турат. Жогорку иштер тууралуу тийиштүү органдар финполиция, АКС, Ак үй тарап, УКМК көзөмөлгө алса “AzVirt” Limited Liability компаниясынан алынган 300 миң АКШ доллары ачыкка чыгат.

ЭСКЕРТҮҮ: Бул маалымат https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=2221629054783312&id=1892634674349420&__tn__=K-R баракчасынан алынды. Экинчи тарап үн-сөз кошо турган болсо эшигибиз ачык.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу