Шакинин агынан жарылган эрдигин ким көрүптүр?

Эптеп өлбөгөн жанга жаздын илеби сого баштады. Бирок, кыштан аман чыккандардын баарынын эле телегейи тегиз эмес. Үзүмчүлүк маалында жаңы шорпонун даамын таткысы келгендер бар. Албетте, алардын ууртунан май агып, курсагы ылдый сүйрөлүп калгандар эмес, кембагалдар. Ошондуктан май чайнабаса да чүйгүн эттин эки кесимин курсагына жиберсе жакшы болорун баамдап турушат. Тилекке каршы алардын тилеги эч качан орундалбайт. Себеби, азыр айлана тынч, шайлоонун шыбырты чыга элек.

Ооба, биз байбыз, каалаганыбызды бажарып жиберүүгө кудуретибиз жетет деген көпөстөр жүздөп саналат. Ошолордун кана кимиси жөн эле жылкысын сойуп карапайым элдин сообуна калды эле? Ал тургай мелдешип уттурган тайын да сойбой качып жүргөн сараң байлар бар экенин угуп жүргөн жайыбыз бар. Олигарх деп биринчи тизмеде турган Аскар Салымбековдон кессе кан чыгабы? Анын атаандашы Камчыбек Жолдошбаев деле түз жерден ишке жарап койбосун айттырбай билебиз. Ошол эле Акылбек Жапаровдун мындайга духу жетеби? Шакинин агынан жарылган эрдигин ким көрүптүр? Сүрөткө эле түшкөнү болбосо.Азамат Арапбаевдин мындайда шылтоосу сөзсүз табылат. Анын деле дүнүйөсү быкпырдай кайнайт деп калышат билгендер.

Балким ушундан кийин Осмонбек Артыкбаев бир эрдик кылып, Шамшыкалдын тузун жалаган жылкысын көтөрө чабаттыр? Анткени анын башкалардан колу ачыктыгы бар. Салаасынан сөлкөбайлар тынбай куюлуп тургандан кийин ага бир жылкы кеп бекен? Анда ошол эл өкүлүн күтөлү, калгандары эзели былкылдаганга жарабайт деп так кесе айтып коелу. Осоке, бир жарылып койбосоңуз болбостур? Мындайда эр жигитмин деген азамат сөздү жерге таштабасына ишеним сакталуу…

Булак: «Ачык сөз»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу