Шайыр КАСЫМАЛИЕВА: “Бош боло калганда эле бетиме маска жасайм…”

Кызым косметолог болгондуктан, сулуулук жагынан менде көйгөй жаралбайт. Бетимдин териси начарлай баштаганда эле үйгө келип бир заматта куурчактай сулуулап салат. Ошентсе да бош боло калган учурда үйдөн да ар кандай маскаларды жасоодон тажабайм. Мен дайыма колдончу ыкмалар төмөнкүлөр: Бир аш кашык быштак, бир чай кашык бал, бир жумуртканын сарысын аралаштырам. Анан марлядан бетимдин түзүлүшүнө жараша кесип алып, аны суу менен нымдап туруп бетиме жабам. Андан соң даяр массаны марлянын үстүнөн бетиме сүйкөп, жыйырма мүнөттөн кийин жууп салам. Кийинкиси: Сабизди кыргычтан өткөрүп, ширесин сыгып алабыз. Ширени пахта тампонуна сиңирип, массаж кыймылдары менен бетке сүйкөйбүз да, он мүнөттөн кийин жууп салабыз.

БУЛАК:Леди.кж 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу