Шайырбек Абдырахманов: «Суракматовго башкалар асылса дагы, Атамбаев менен Фарид Ниязов «пас» кетип жамандабаса болмок…»

Жөн эле ой да..

Алмазбек Шаршенович Азиз Суракматовду бир кезде өзү СДПКнын тизмесине кошкон. «СДПК партиясынын Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлеринин тизмесин «лично» өзүм түзгөм» — деп маалымат жыйындарда айтып эле жүрбөдү беле. Тизме боюнча айта турган болсок, азыр Суракматов мэр эле эмес, жакында парламенттеги СДПК фракциясынын депутаты да болмок, анткени тизме кезеги келип калыптыр.
Мени айраң кылганы так ушу азыр А. Суракматовду өзүнүн «Апрель» ТВсынан Атамбаев күндө шылдыңдатып, каралатып жатканы болуп жатат. Атамбаевдин Форум ишканасынан каржыланган Фарид байкебиздин  «фейктери» Американы бүгүн ачып алгансып, Суракматов бай экен, соодагер экен, анын «Елизавета» деген курулуш компаниясы бар, ал мэр болсо өз бизнесин гана ойлойт, кыргызча чала билет, колунан эчтеме келбейт дегендей маалыматтарды таратышып тытынып жатышканынан улам мындай ойлойм да;
баягында Суракматовду СДПКнын Жогорку Кеңешке шайлоого аттанган депутаттарынын тизмесине киргизип жатканда мээңер ордунда эмес беле? Анын тетигинче кемчиликтерин Апрель ТВ менен Фарид байкенин фейсбуктагы «фейктери» айтып жатса, баягында СДПКнын тизмесин «өзү лично» түзүп жаткан киши эс акылы ордунда болсо, эмне үчүн ушунча жаман немени тизмеге киргизди экен деген ойго кетет экенсиң «елки»! Эми Суракматовдун кебетесине, ата жотосуна чейин асылып, ары барып бери келип жатасыңар. Менимче бул уят. Адамга өң түстү кудай берет.
Башкаларга го сөз жок, ушу өңгө шылдыңдаса дагы Атамбаев мырза Фарид байкем экөө мынчалык «пас» кетип, жамандабаса болмок. Суракматовго суроолоруңар болсо, тастыкталган факты менен «Ай бул жигит болбойт! Анын мындай кылмышы, же мыйзамсыз мындай жумуштары бар! — деп элге ток этээр жерин айтпайсыңарбы!? Эгер андай фактыңар жок болсо неге бет тырмачылык кыласыңар? Же адатыңарча жалаа жаап «гейт пейттерди» уюштура берсек эл ишене берет дейсиңерби?
Айтмакчы «Апрель» ТВдан жана да башка тараптардан А. Атамбаев аябай шыбатып жаткан Суракматовду шаарга мэр кылабыз деп СДПКканын үлкөнү Иса Өмүркулов өзү айтып чыкты го.. Демек бул чечим СДПК партиясына тиешелүү да..
Же А. Атамбаев «уже» СДПК партиясында эмеспи?
Же кандай..?

Шайырбек Абдырахманов, журналист

Аргумент.kg
Жооп калтыруу