Шайырбек Абдрахманов тарых музейдеги 14 миң евролук жыгач атты баласына сатып береби?

Жакында Бишкек шаарыбыздын чок ортосунда жайгашкан айтылуу ТАРЫХ музейибиз көпкө созулган реконструкциядан кийин ишке киргени турат. Буйруса эми бала-чакабыз менен кылым карыткан карт тарыхты өз боюна каткан баягы жоголгондон калган экспонаттарды көргөнү барабыз.

Музей аябай шөкөттөлө оңдолуп, сырты да сыпаттала жасалгаланды деп уктук эле. Билбейм, каңырыш эле укпасам, укмуш эми деп жатышат каттаган кабардуулар. Бирок, бүгүн бир маалымат окуп калдым. Биздин тарых музейге 14 миң евролук жыгачтан дейби, же эмнеден экенин ким билсин айтор бир аттардын айкелдери коюлду дейт. Анан ойлоп койом, абдан жакшы болуптур! Эң сонун! Бала бакыра менен барганда «Мына балам, бул аттын айкели 14 миң еврого сатылып алынып келинген. Кандай тарыхый баалуулугу бар азырынча билбейм — дейм.

Балам болсо, «Оуу, 14 миң евро! Кымбат экен ээ ата — дейт. Ооба! — дейм дердейе баламдын музейге кызыгып, ары таң калып жатканына сүйүнө. Анан дагы ары басабыз музейди айланып. Силер ал жерге баягы ТЭЦке алынган 600 долларлык АТТИШТИ, 14,5 миң долларлык КӨЗӨМӨЛ КАМЕРАЛАРДЫ, 50 миң долларлык лифтти, салынаары менен музга окшоп ээрип кетүүчү касиети бар, силер ойлоп тапкан километри 1 млн долларлык асфальттыңардын бир сыныгын алпарып тигил 14 миң евролук аттын аржагына катар тизип койгула.

Тигил жакта бирөө комментарий жазып жатат 9000 миң сомдук көчөтчү байке деп. Ии ошол 9000 миң сомдук көчөттөрдү да музейди айландырып «МЕ САГА!» — деп тигип салгыла. Мен болсо аны балдармдын көздөрүн алайта сүйлөп, таң калтырып, көргөзүп чыгайын. Мына чыныгы тарыхий экспонаттар! Мындай баалуу нерселер дүйнөдө жок. 600 долларлык АТТИШ доллардын мекени болгон керек болсо Американын өзүндө жок между прочим! — деп таштайм балдарыма мактанып. Менин балдарым эмне болуп калыптыр, мындай музейди көрүп жалпы кыргыздын балдарынын, дүйнөдөн келген туристтердин да «крышасы жылат»! Ааламга атагыбыз тарайт! Сонун болот буйруса! Жанагыл тарых музейине сатып алган 250 миң еврону чапчыган дивандарга отуруп алып шашпай бир ойлонуп көрбөйсүңөрбү ушул сунушту я..!

Шайырбек Абрахманов

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу