Шайлоо-2017: Т.Сариев: Төртилтик менен биригүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Кыргызстандагы “Ак шумкар” саясий партиясынын лидери Темир Сариев президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров, “Ата Журттун” лидерлери Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын башчысы Бакыт Төрөбаев менен биригүү тууралуу сүйлөшүүлөр башталганын “Азаттыкка” билдирди.

— Бүгүн төртилтик менен жолуктум. Ал жерде Төрөбаев, Келдибеков, Мадумаров жана Ташиев болду. Биз штабымдын башчысы Элмира Ибраимова менен бирге бардык. Негизги багыттар боюнча пикирлерибиз дал келди. Азырынча биригүү тууралуу айтуу эрте, бирок алдыда бир топко биригүү маселеси көтөрүлүп жатат, — деди Сариев.

Кечээ, 7-августта президенттикке аттанган «Бүтүн Кыргызстан», “Ата Журт”, “Өнүгүү-Прогресс” партияларынын лидерлери Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков жана Бакыт Төрөбаев шайлоодо бир талапкерди колдоо үчүн бириккенин жар салышкан болчу.

Алар​ ар бири өз партияларынын атынан президенттик шайлоого талапкер болуп катталуу үчүн БШКга арыз жолдошкон. Темир Сариевди “Ак шумкар” саясий партиясы шайлоого аттандырган.

Оппозициядагы талапкерлердин негизги атаандашы — азыркы өкмөт башчысы, бийликтеги КСДП партиясынын өкүлү Сооронбай Жээнбеков болушу мүмкүн экендиги жоромол кылынууда.

Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда өтөт. (UEz)

Булак: Azattyk.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу