Шайлоо 2017: Талапкерлер, сан жана сапат…

Кыргызстанда президенпикке талапкерлик көрсөтүү убактысы бүттү. Акыркылардан
болуп, жеке адвокат Марат Мергенов талапкерлигин көрсөттү. Ошону менен БШКнын 1-
августагы маалыматы боюнча, талапкер катары шайлоого катышам деген жарандар
саны 59 болду.
31-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков талапкерлигин койбосун
билдирди. Бирок ал КСДПнын талапкери Сооронбай Жээнбековду колдоорун жарыялаган
жок.
Белгилүү болгондой Турсунбеков Жээнбековдун талапкерлиги көрсөтүлүшүн колдобой,
өзүнүн талапкерлигин көрсөтөрүн бир нече ирет билдирген. Анысы үчүн КСДПнын
“чыныгы кожоюндарынан” катуу эскертүү алган. Атамбаев жана Ниязов Турсунбеков
өзүнүн талапкерлигин көрсөтсө, анда ага партияда орун жок болорун билдирген.
Мына ошондон кийин Чыныбай Турсунбеков демин басып калган. 31-июлда маалымат
жыйынында коомду бириктирүү максатында төрагалык ишимди уланта берүүнү чечтим
деди.
Бирок Сооронбай Жээнбеков премьерлик кызматты бошотуп, шайлоого кетүүсү
менен өкмөт башчы алмашып, жогорку бийлик сересинде “рокировкалар” болмокчу.
Атамбаев жүргүзө турган ал “рокировкада” Чыныбай мырзага төрагалык орун калабы?
Чыныбай Турсунбековдун шайлоого барбай калуусунун айкын натыйжасы азырынча
талапкерлер саны кемтик болуп 60ка жетпей, 59 болуп калуусунда жатат.
XXX
Мына ушул 59 талапкердин 49у өзүн-өзү көрсөтсө, 10 талапкерди саясий партия
жылдырды.
Талапкерлер ичинен 50сү жогорку билимдүү. Алардын 19у Орусия, Казакстан, Өзбекстан
жогорку окуу жайларынан билим алса, калганы Кыргызстанда жогорку билимге ээ
болгон.
Бирөөнүн (айтылуу “зима не будет” Арстанбек Абдылдаев Ат-Башыдагы училищаны
аяктаган) училищалык билими бар. Эки талапкер техникумду аяктаган. Алты
талапкердин билими тууралуу маалымат берилген эмес.
6 талапкер жумушсуз болсо, дагы алтоо пенсионер. Эки талапкер эмне иш кыларын
маалымдаган эмес.
59 талапкердин басымдуу көпчүлүгү эркектер. Аялдар болгону жетөө гана. Алардын
баары өзүн өзү көрсөткөн.
Эми маселе 59 талапкердин канчасы 30 миң кол топтоп, 1 млн. сом күрөө төлөп,
мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүүсүндө турат. Алардын ичинен 20 чакты талапкер
бул талаптарды аткарууга жөндөмдүү экени байкалат.
20 талапкердин ичинен негизги күрөш 5-6 талапкердин ортосунда жүрөөрү айкын. Алар
көпчүлүк калктын ичинде айтылып жүргөн талапкерлер.

Булак: «Майдан.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу