Шайлоо: «Кыргызстан» фракциясы Жээнбековду колдойт

“Кыргызстан” фракциясы бүгүн, 14-сентябрда кезексиз жыйынга чогулуп, фракция мүчөлөрү президенттик шайлоодо КСДП партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбековду колдоо жөнүндө чечим кабыл алышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Анда айтылгандай фракция президенттикке ат салышып жаткан 13 талапкердин эмгек жолун карап чыгып Жээнбековдун талапкерлигин колдоону чечишкен.

Бирок, аталган фракциянын буга чейинки лидери, “Кыргызстан” партиясынын жетекчиси Канатбек Исаев шайлоодо башка талапкерди колдоп жатат.

“Кыргызстан” фракциясынын парламентте 18 мандаты бар. Ал эми өлкөдө президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Ага 13 талапкер ат салышууда.

Булак: maralfm.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу