Шайлоону массалык маалымат каражаттарында чагылдыруу боюнча тегерек стол өтөт.

6-июль күнү (бейшемби) саат 14:00дө, Бишкек шаарында (Исанова- Московский көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Golden Tulip” мейманканасында) шайлоону массалык маалымат каражаттарында чагылдыруу боюнча тегерек стол өтөт.

Тегерек столго баардык каалоочулар кире алат.

Дискуссиянын уюштуруучулары белгилегендей «Босогодо Президенттик шайлоо жана аны чагылдыруу актуалдуу суроолордун бири. ММК элге кезектеги шайлоодо туура тандоо жасашына жардам берүүсү абзел».

Кеченин катышуучулары шайлоо кампанияларын чагылдырууда массалык маалымат каражаттарын алып жүрүүчүлөр кезикчу көйгөйлөрдү ар тараптан жана терең карап талкуулашмакчы жана да шайлоону чагылдырчуу журналисттердин ишинин эффектүүлүгүн көтөрүүдө кийинки пландарды иштеп чыгуу.

1. Пропаганда маалымдоодон эмнеси менен айырмаланат, эмнени эске алышыбыз керек.

2. Журналист шайлоонун процессин чагылдырууда кантип эффективдүүлүккө жете алат? Кандай кыйынчылыктарга туш болушу мүмкүн? 3. Шайлоону чагылдырууда кесиптик жана этикалык критерийлерди кармануу

4. Шайлоону чагылдыруудагы укуктук чектөөлөр

5. Кара пиар жана жалган маалымат заманбап жашоонун бөлүнгүс бөлүгү

6. Дебаттын форматы: артыкчылыгы, эрежелер, регламент, артыкчылыгы, жетишпегени. Эмнени жана кантип өзгөртүү керек.

7. Чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттарына шайлоону чагылдыруу

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу