Шайлоонун шайтан оюндарын жакшы өздөштүргөн Бабанов элди дагы алдагысы келип жатабы?

Ажо болом дегендер артына бир кылчайып алышса кандай жакшы болот эле. Бирок, буларыӊ тик беттен ылдый тормозу жок зуулдаган машинече алдыга гана уруп согуп баратышат. Маселен, Өмүрбек Бабанов ажолукка жетүү үчүн болгон аракетин жасап чуркап жүрөт. «Мен президент болсом жыргайсыӊар» — деген ариясын миӊ кубултуп созууда. Бирок, ошол эле маалда буга чейинки шайлоолорду бир эстеп койсо ашыктык кылбас эле. Эмне деген убадалар айтылбады, өткөн шайлоо мезгилинде. Эми да шайлоо келатат, Өмүрбек Токтогулович тормозду кичине тээп туруп, «Элге кылган убадаларымды аткардымбы» — деп өзүнө бир суроо берип көрөт болду бекен? Аттиӊ, антпейт го…

Булак: Де-Факто

Аргумент.kg
Жооп калтыруу