БШКнын тараткан маалыматы боюнча жергиликтүү шайлоодо көпчүлүк шаарларда кайрадан Алмазбек Атамбаевдин КСДП алдыга озуп чыкканы белгилүү болду. Маселен: Ош облусунун Ноокат шаарында 53,3% менен, ЖалалАбад облусунун Көк Жаңгак шаарында 52,60%, Чүй облусунун Кемин шаарында 32,75%, Кадамжайда 17,74%, менен биринчи орунга чыкса, ЖалалАбад шаарынын өзүндө 23, 17% экинчиге илинип, ошол эле позицияны КараБалта шаарында ээледи.
Бакыт Төрөбаевдин «Өнүгүүсү» ЖалалАбад шаарынын өзүндө 26,47% пайыз менен алдыга озуп чыкса, КөкЖаңгак шаарында 7 пайыз менен экинчи орунга татыды. Кадамжайдан шаарынан 19,51% пайыз алып, экинчиликти ээлеп турат. Ал эми бул эки партиядан тышкары шайлоого катышкан айрым партиялардын ийгилиги төмөнкүчө болду.
Ош облусунун Ноокат шаарында 17,96 пайыз, «Элдик», 11,11% «Республика», 8,96 % , «Замандаш» партиясы да алдыда экенин көрсөтүүдө.
ЖалалАбад облусунун Көк Жаңгак шаарында Коммунисттер 12 пайыз менен КСДПдан кийинки экинчи орунга чыкты.
Чүй облусунун Кемин шаарында «Республика» 25,05% менен экинчи орунга илинсе, «Патриот» 15,26%, Кыргызстан 11,33% алышты. Ошондой эле ал эч кимге белгисиз болгон «БабаДыйкан» партиясы да шаардык кеңешке кирип калышы мүмкүн.
ЖалалАбад шаарында үчүнчү орунда «Ата Журт» 13,78%, «Мекеним Кыргызстан» 13,09%, «Кыргызстан» 19,08 %, «Республика» 9 % добуш алды.
Кадамжайда «Мекеним Кыргызстан» 24,71%, «ӨнүгүүПрогресс» 19,51%, КСДП 17,74% добуш алды. ТашКөмүр шаарында КСДП, «Өнүгүү», «Мекеним Кыргызстан» партиялары алдыга озууда.
Бүгүн шайлоочулар жергиликтүү кеңештердин жалпысынан 811 депутатын шайлоого тийиш болгон, анын ичинен 613ү айылдык, 198и шаардык кеңештерге депутат болуп келиши керек. Өлкө боюнча 117 шайлоо округу түзүлүп,шайлоого катышуу үчүн өлкө боюнча 4 миң 423 талапкер катталган, анын 1872си айылдык, 2 миң 551и шаардык кеңештерге депутат болууга ашыккандар болчу. Бүгүнкү шайлоо жалпысынан тынч өткөнү менен, шайлоо учаскаларына адаттагыдай эле эл ташуу, элди көндүрүү сыяктуу иштери өзү күчүндө болду.
Булак:Чагылган