Шайлоодон кийин Жамшитбек, Түгөлбай, Талантбек да кызматынан алынат

Алмазбек Атамбаев буга дейре айтып келе жаткандай бийликти жаш муунга өткөрүп берип, Акаевдик, Бакиевдик эски малдын көзүндөй болгон, арабадан чыгып калган саясатчыларды өзү менен кошо алып кетмей болду.

Баскан изи мандемдүү, куйругунда калбыры бар бир тобуна кылмыш иши козголуп, асты түрмөгө отуруп, арты мамлекеттик кызматка келе албай турган болушту. Кылтакка илинбей, бултуңдагандары өздөрү эле эсепке алынбай «критке» кетип жатышат. Мына учурда жаңы келген Өкмөттүн курамы Сапар Исаков баш болуп көбү 30-45 жаштын айланасындагы жаштар. Негизги чечүүчү кызматтардын дээрлик бардыгында жаштар отурат. Алсак, Өкмөт башчы Исаков туура кырктын кырында, Башкы прокурор Индира Жолдубаева 38 жашта. Эсеп палатасынын башчысы Улукбек Марипов 38 жашта. Энерго холдингдин жетекчиси 33 жашта. Экономика министри Артём Новиков менен Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Дастан Догоев 30 жашта. УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев 44 жашта. Юстиция министри Уран Ахметов 37 жашта. Айтор, санай берсең тизме узара берет. Президенттик шайлоодон кийин өкмөттүн курамы дагы жаңыланып, Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев, Маданият министри Түгөлбай Казаков, Транспорт министри Жамшитбек Калиловдун ордуна дагы жаштар келээри күтүлүүдө.

Булак: “Ачык саясат”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу