Шайлоого байланыштуу биринчи даттануу Бабановго түштү

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго каршы даттануу арызы БШКга түштү. Даттанууну жарандык активист Мелис Аспеков баштап берди. Анын белгилешинче, Бабанов саясий уюм эмес, курултай аркылуу көрсөтүлгөндүктөн, бул шайлоо тууралуу мыйзамга каршы келет. А курултайда үгүт убагы баштала электе эле делегаттар Бабановго добуш берүүгө чакырык ташташкан.

Бирок, БШК бул дооматты канааттырган жок. БШКнын мүчөсү Бахтияр Кадыров үгүт иштери боюнча эреже бузуу болгон-болбогонун иликтеп чыгуу керектигин айтты. Анын айтымында, үгүт иштери баштала элек болсо да, айрым ММклар кайсы кайсы бир талапкерди «мактап-жактап» киришти. Бул да норма бузууга кирет. Дагы бир БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева бардык талапкерлерге бирдей мамиле жасоо зарылдыгын белгиледи.

БШКнын жетекчи орун басары Атыр Абдрахматова Аспековдун дооматы бир гана Бабановго эмес, бардык талапкерлерге таандык экенин билдирди.

Булак: «Майдан»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу