ШАЙЛДАБЕКОВА ТЕКЕБАЕВ АКТАЛСА ГАНА КЫРГЫЗ ТИЛИНЕН ТЕСТ ТАПШЫРАРЫН АЙТТЫ

Эгерде Өмүрбек Текебаев сот тарабынан акталса анда ал кыргыз тили боюнча тестке киргизилет. Бул тууралуу маалымат жыйынында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

“Биз өзгөчө шарттарды түзбөйбүз. Президенттикке талапкер болгондордун баары кол топтошуп, мамлекеттик тилди билишери тууралуу сертификат көрсөтүшөт. Бул жерде талапкерлердин баарына бирдей шарт түзүү эмес, өзгөчө шарттар тууралуу сөз болуп жатат. БШК чечим кабыл алып, мамлекеттик органдар Текебаевдин тестке катышуусун камсыз кылуусу керек деп милдеттендире албайт”,-деди ал.

Текебаев боюнча ММКларды көптөгөн чындыкка коошпогон маалыматтар жүрөт.

“Ошондуктан катуу кыйкыргандарды гана уга бербөө керек дегим келди”,-деди Шайлдабекова.

Эске сала кетсек, 10-августта БШКнын жыйынында президенттикке талапкер Текебаевди мамлекеттик тил сынагына катыштыруу маселеси каралган. Анын жүрүшүндө БШКнын 9 мүчөсү аны сынакка катыштырууга уруксат берүүгө “каршы”, үч адам “макул” деп добуш беришкен.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу