Шадиев качып кеттиби?

Кылмьш иши козголгон мурдагы биринчи вице-премьер министр, Жогорку Кеңештеги «Бир-Бол» фракциясынын мүчөсү, депутат Аскарбек Шадиевдин чет өлкөгө чы­гып кеткени маалым болду. Бирок УКМК Шадиев чек ара посттунан өтпөгөнүн билдирди. Мындан улам кылмыш иши козголуп, сурак берип жаткан депутат кандай жол менен чыгып кетти деген шектүү суроолор жаралды.

Шадиевдин жардамчысы Айбек Эрмеков депутат чет өлкөгө жүрөгүнө операция жасатыш үчүн 27-апрелде чыгып кеткенин, дарылануусу аяктагандан кийин кайра кайтып келээрин маалым кылды” деди Эрмеков. Бирок ал жетекчиси кайсы өлкөгө кеткенин тактаган жок. Бирок УКМКнын «бээ көрдүңбү жок, төө көрдүңбү жок» деп алакан жайганы коомчулуктун нааразычылыгын жаратгы. Бул жерде Шадиевди абактан арачалап калуу оюндары жүрүп жатканы сокурга дагы көрүнүп турат…

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу