Шадиевдин мүлкү 1,2 млрд. доллар болсо, аны калкалаган АША менен И.Илмияновдун байлыгына сан жетпейби?

Жогорку Кеңештин “Бир Бол” фракциясынын депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге байланыштуу үчүнчү кылмыш иши козголду. Бул жолу эл өкүлү Кылмыш-жаза кодексинин 183-беренеси («Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо») боюнча шек саналууда. Учурда анын мүлктөрү камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.

Айрым маалыматтарга караганда кылмыш иши Шадиевге жана анын үй-бүлөсүнө да козголгон. Ал аралыкта экс-президент Алмазбек Атамбаев калкалап келген бул чиновниктин байлыгы 1,2 млрд. долларды чамалай турганы маалымдалууда.

Парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков жашырылган салыктарды өлкөдөн чыгарып кетүүгө Шадиевдин тиешеси бар экенин “Азаттык” үналгысына билдирген. “Бул өзүнүн мурдагы жардамчысы, Мамлекеттик салык кызматын, Финансы полициясын жетектеген Замирбек Бабакулович (Осмонов — авт.) салык кызматында, бажы кызматында иштеген бир топтор менен бюджеттеги акчаны чыгарып кеткендиги жөнүндө, аларды офшорго которуп, бир ЖЧКдан экинчисине, андан дагы бир нерсеге которуп отуруп бюджеттин көп эле акчасын чыгарып кеткендиги жөнүндө маалыматтар бар.

«Жыл башында салыктан 847 млн., анан 217 млн. сом акча чыгарылып кеткен» деген маалымат чыкпадыбы. Ошол жерде «ушулардын түздөн-түз тиешеси бар» деген маалыматтар бар. Осмонов убагында Шадиевдин жардамчысы болгон, анын көздөй кадры. Элдин төбө чачын тик тургузган мунун жалпы байлыгынын баасы 1,2 млрд. доллар болуп жатат. Кыргызстандын тышкы карызынын үчтөн бири болуп жатат. Ал эми банктагы камакка алган акчасы эле канча миллион доллар болуп жатат. Булардын бардыгын каяктан топтогон, бул мүлктүн баарын кантип, кайсы айлыгына алган?!”, — дейт Момбеков.

Шадиев акыркы 6 жылда Атамбаев жана анын шоопуру Икрамжан Илмияновго таянуу менен чоң кызматтарга көтөрүлүп, далай коррупциялык иштерди жасаганы ачыкка чыгууда. Шоопур менен Шадиев жердеш, тууган да болуп кетет. Ал эми АША менен көп жылдан бери “табакташ”. Демек, булардын коррупциялык схемалары бир болгон. Аткаруучулук кызматты гана аркалаган Аскарбек мырза кыска аралыкта ушунча байлык топтосо, аны калкалаган АША менен шоопурдун байлыгына сан жетпейби? Бул маселе да тиешелүү органдар тарабынан кылдаттык менен каралышы керек.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу