Шадиевдин ишкерлерге бут тосуп, 200дөй адамды жумушсуз калтырган чыккынчылыгы ачыкка чыкты

Байлыкка өзү тойсо да көзү тойбой, жада калса залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мааракесине деп бөлүнгөн 30 миң долларга чейин колун салган Аскарбек Шадиевдин кыңыр иштери күн өткөн сайын калкып чыгууда. Биз бул багытта журналисттик иликтөө жүргүзүп жатып Шадиевдин дагы бир “иттигин” таап чыктык. Аскарбек Шадиев Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин тушунда бийлик менен табакташ болуп, ошол эле учурда таасирдүү фигурага айланып келген. Трибунадан кооз сүйлөп, сыпайы көрүнгөн бул эрен далай ишкерлерге бут тосуп, керек болсо рейдерлик басып алууларга чейин барганын тастыктап жатабыз. Алыскы Баткендеги мындай өкүмзордугун шашпай кеп кылып, бул жолу Бишкектин чок ортосундагы акмакчылыгын айталы.

Анда сөз башынан болсун. Борбор калаанын Чүй жана Сүйүнбаев көчөсүнүн кесилишиндеги 0,201 га жерди “Экспресс-строй” компаниясы сатып алып, ал жерге Бишкектин көркүн ачкан көп кабаттуу үй курууну пландайт. Аталган жер тилекси шаардын Башкы планына 1996-жылы кирип, 2006-жылы да көп кабаттуу үй курууга урусат берилген. “Экспресс-строй” компаниясы болсо Түркиядан инвестиция тартып, 200дөй жергиликтүү адамдарга жумушчу орунду түзүү менен ишти баштайт. Ошол учурда алысыраак жайгашкан үйдүн башчысы (домком) Эльмира Нурмамбетова келип ызы-чуу салган. Анын максаты тез эле бегилүү болуп, артында Шадиев тукуруп жатканы билинип калган. Курула турган үй бардык мыйзамдарга жооп берип, техникалык талаптарга төп келген.

Бул компаниянын иши Аскарбек Шадиевдин ичи тардык аракетинен улам такыр эле токтоп калганын баса белгилеп кетели. Анткени, ошол курула турган жер тилкесине учурдагы “Технодом” дүкөнү жайгашкан имарат жанаша турат. Бул 5 кабаттуу кеңсе болсо Аскарбек Шадиевдин менчиги. Шадиев “менин имаратыма көлөкө түшүрөсүңөр” деп опурулуп, ошол аймактагы жашаган аялдарды тукурган. Аягында болсо Шадиевдин жалданма адамдары компанияны сотко берет. Соттор болсо бийлик менен тил табышып алып каалаганын жасаган Шадиевге жакпаган чечим чыгара албай, 6 жылдан бери “Экспресс-строй” компаниясы жапа чегип келет.

Бүгүнкү күндө Шадиевге кылмыш иши козголуп, ал чет өлкөдө качып жүргөнү маалым. Ал эми андан запкы жеп, миллиондогон инвестициядан, пайдадан кур жалак калган ишкерлер дагы деле акыйкаттыкка жете элек. 200дөй жумушчуну ишсиз калтырып, өлкөгө чоң суммадагы салык төлөй турган компанияны банкроттук абалга кептеген Шадиев жооп бериши керек. Бул боюнча атайын органдар териштирүү жүргүзүп, Аскарбектин кыңыр ишин далилдеп, ишкерлердин материалдык жана моралдык чыгымын өндүрүп берсин. Буга Шадиевдин Бишкектеги мүлктөрү жол ачат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу