Шадиевдин барынан жогубу?

Интерполдун тизмесинде 24 кыргызстандык жаран издөөгө алынганы маалым болду. Кызыгы, тизмеде кылмыш иши козголгондон кийин Америкага качып кеткен Аскар Шадиев жок. Бул жагдай коомчулукта шек жаратты. Анткени эгер бийлик Шадиевди алдын ала атайлап качырбаса, эмнеге бүгүнкү күнгө чейин издөө салган жок деген суроо кабыргасынан коюлуп, көптөр жандырмагын издеп баш катырышууда. Ырасында, бул маселеде мандем бар. “Шибегени капка ката албагандай” эле, бир күнү чындык калкып чыгат. Ошондо мындай «бармак басты, көз кысты» болгон иштин артында ким турганы маалым болот. Коррупцияга карты күрөш өң-тааныштык менен жүрүп жатса, анан коомчулук ишеним артабы? Тандалма мамиленин арты жакшы болчу эмес эле…

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу