“Шабдан баатыр” тасмасын тартууга бөлүнгөн 11 миллион сом максатсыз сарпталганбы?

Шабдан баатыр жөнүндө тасманы тартууга бөлүнгөн каражаттын 11 миллион 500 миң сому максатсыз пайдаланылган. Ошондой эле тасма толук тартылып бүткөн эмес. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы маалымдады. Маалым болгондой, 2014-жылы Шабдан баатыр жөнүндө тарыхый тасманы тартуу иши колго алынган. Анда көркөм тасманын эки сериясын тартууга каражат бөлүнүп берилген. Чыгашалардын жалпы суммасы 80 миллион сом деп эсептелип, Каржы министрлиги 2014-2015-жылдары тасма жаратуучуларга 20 миллион сом бөлүп берген. Анын 11 миллион 500 миң сому айлык акыга, техникалык жабдыктарды сатып алууга жана башка иштерге максатсыз жумшалган. Ал эми 8 миллион 500 миң сом тасманын продюсеринде калганы каржылык текшерүүдөн кийин аныкталып, ал сумма республикалык бюджетке кайтарылып берилген. Бөлүнгөн каражаттын 60 миллион сому берилбей, тасманы тартуу иштери токтоп калган. Ал эми тарыхый көркөм тасманын продюсери жана режиссёру Эрнест Абдыжапаров каражаттардын негизги бөлүгү техникалык жабдууларды сатып алууга, костюмдарды тиктирүүгө жумшалганын билдирген. Ал эми тарыхчы, сынчылар тасманын сценарийи туура эмес жазылганын, режиссёр Эрнест Абдыжапаров жазган сценарий менен тасманы тартпоо керектигин айтып нааразы болуп келишет. Нааразы болгон тарыхчы,
сынчылар, интернеттеги өздөрүнүн жеке баракчаларына төмөндөгүдөй ой пикирлерин жазышыптыр…

Эрнест Абдыжапаров, режиссёр: 
– 2014-жылы «Кыргыз фильм» киностудиясына мамлекет тарабынан тарыхый тасма тартууга буйрук келген. Ага ылайык тартуу иштери күз мезгилинде башталмак. Бирок биз жазында эле аракет кылып баштаганыбызда мамлекет 10 миллион сом бөлүп берген. Ал каражатка кино тартуучу үчүн атайын жаңы камера сатып алганбыз. Камера көп суммадагы каражатка алынган. Ошондой эле костюмдарды тиктирдик, курал-жарактарды алдык. 7 дубандын аймактарын кыдырып, кайсы жерден тартса ыңгайлуу болоорун изилдедик. Ошондо дагы 10 миллион сом бөлүп беришкен. Албетте, ошол мезгилде тасма тартуучу командага айлык төлөнүп турду. Тартуу иштери башталганда киностудиянын жетекчиси мени чакырып «Тасманы тартууну токтотобуз, буйрук келди» деп арыз жаздырып алды. Эмнеден улам тасманы тартуу иштери токтотулуп калганын эч ким түшүндүргөн эмес.

 Кыяз Молдокасымов, тарыхчы: 
– Азыр эле радиодо түз эфирде Шабдан баатыр тууралуу көркөм тасманы талкууладык. Бир сааттык талкууга радиоугармандар эмнегедир активдүү катышкан жок. Талкууга Эрнис Абдыжапаров, Гүлжигит Исаков, тарыхчылардан профессор Өскөн Осмонов экөөбүз катыштык. Шабдан баатыр тууралуу көркөм тасманын тартылышын тарыхчылар колдошот, бирок тарыхый так эместиктер оңдолушу керек деген сунуш кайрадан айтылды. Айрымдарын оңдоодо, айрымдары оңдоло элек. Жаңы бир сюжеттер менен толукталуусу зарыл. Одоно деп эсептелген 4 окуяга башынан эле каршы болуп келем. Биринчиден, тасма 1916-жылдагы окуя менен башталат да Шабдандын балдары Кемел, Мөкүш жана Кочкордон чыккан чыгаан Канаат хан көтөрүлүшчүлөрдүн башында туруп, кыргыздар 2 орусту койдой мууздап жаткан болот. Тасманын мындай башталышына караманча каршымын. 2 орусту койдой мууздашкан кыргыздардын мыкаачылыгын кол чаап тосуп алышмак беле сыйлык берүүчү эл аралык конкурстарда. Экинчиден, 15 жашар Шабдан периштелер айткан казак кызга үйлөнүүсүнө атасы Жантай каршы чыгып койсо, таарынып Ормон ханга барат. Ормон хан Бугуну чаап алууга аттанып жаткан учур экен. Шабдан алар менен кошо барып Ормон хан туткундалып, Балбай анын табарсыгына сайып жарадар кылган учурда Шабдан анын жанында жүргөн болот. Бул дегеле тарыхта болбогон окуя! Үчүнчүдөн, Шабдан Тогуз-Торого барып орус майорун куткарып алуу үчүн Тайлак баатырдын уулу Осмон датка менен жекеме-жекеге чыгып, аны ат үстүнөн ыргыта сайып, орус офицерин куткарып алат. Архивдик документтерде да, эл оозунда да Шабдан менен Осмон эр сайышка түшкөн эмес! Чыккан учурда да Тайлактын уулу Осмон аны эки бүктөп, бир жутуп коймок! Төртүнчүдөн, 1862-жылы Алымбек датка ордо кутумунан каза болгон учурга Шабданды аралаштырып коет. Мындайча айтканда Алымбек датка менен Кокон ордосунан бирге кетип бара жатышып, Шабдан сүйгөн кызынын үйүнө бурула кетейин деп бөлүнүп калат да, кайра жолго чыкса алыстан «башы жок чабандес» көрүнөт. Көрсө ал башы алынып, атка мингизилген Алымбек датка экен. Эми ушул окуяны көркөм тасмага киргизсек, тарыхты сыйлаган адамдар түкүрбөйбү, бул эмне деген көркөм тасма деп!!! Анан дагы бир жеринде 8 жашар оюнкараак Шабдан бир боз үйгө кирсе туткундалган
Кененсары хан отурган болот ал жерде. Шабданды көрө коюп, ал келечекте кыргызды башкарган мыкты уул бол деп батасын берип жатат. Окуяны ойлоп тапканда да ойлонуш керек да, кыргызга кыргын салам деп келип туткунга түшкөн Кененсары хандын батасын алган Шабдан ушундай чыгаан баатырга айланган турбайбы деген элес жаратыштын кереги барбы?! Бул кыргыз элин бири-бирине карама-каршы койгон оркойгон катачылыктарды Шабдандын окуясын билген тарыхчылардын айтканы туурабы же бул көркөм тасма, ага көңүл буруштун кереги жок деп кеңешчилериндей көз жумуп койгонубуз оңбу?!! Кептин баары ушунда
болуп жатпайбы!!!

Бекташ Шамшиев, журналист: 
– Кино көркөм чыгарма экенин унутушуп, ага документ лентанын шартын коюп жатышат. Автор чыгарманын сценарийин талкууга салбаш керек эле.
Арслан Койчиев, тарыхчы, журналист:
– Бул тейибизде кетсек, келечектеги «Шабдан баатыр» көркөм тасмасы баатырдын Кеминдеги эстелигинин кейпин кийгени калды. Айкелди жасап жатышканда да туш тараптан «билерман-эксперттер» кийлишиге берип, скульптордун айласын кетиришкен экен.

Садых Алахан, сынчы, адабиятчы: 
– Арслан, ошондо «Жайсаңдын арбагына колунан кан чыгарып ант берген немени каалагандай тарта бер деп өз эркине коюшубуз керекпи же сени туура эмес түшүнүп алдымбы? «Билерман-эксперттер» деп Кыяс менен Тынчтыкемди айтып жатасыңбы, мени айтып жатасыңбы же Бекташты айтып жатасыңбы? Бүдөмүктөтпөй, тумандатпай оюңду, демек позицияңды так, даана айтчы, иним. И-и-и, кана айт, угалы…

Күнболот Момоконов, журналист: 
– Ашыкча кийлигишпегенге болбойт да, илгеркидей кино сынчылар жок. Биз го мейли, бирок Садык, Кыяз агайлардын айтканга, сындаганга толук акысы бар. Негизи байкасам, кыргызмын деп тымызын жүргөндөр көп. Бир байке бар коңшу. Жолуккан сайын кыргызды эле жамандайт, өспөйбүз-өнбөйбүз, Европадан 200 жыл арттабыз деп эле. Көзүнүн карасында Кыргызстан үчүн мээрим жок, көрүнүп эле турат. 2 саат мурун уктум уйгур экен. Аты Ленор. Ошондон эле билсемчи. Шегим бар эле. Токтотуш керек. Эми тарыхта Шабдандын бир топ оңду-солду окуялары бар. Эмнеге Шабданды тартам деп жатат?

Булак: Фабула 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу