ШААР ЖЕТЕКЧИЛИГИ ИШ ТАШТАГАН МАРШРУТТУК ТАКСИЛЕРДИН АЙДООЧУЛАРЫ МЕНЕН СҮЙЛӨШҮҮЛӨРДҮ БАШТАДЫ

Бишкек шаарынын жетекчилиги иш таштаган маршруттук таксилердин айдоочулары менен сүйлөшүүлөрдү баштады.

Бул тууралуу  массалык маалымат каражаттарына  Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Абдрахим Абдрасилов билдирди.

Анын айтымында, айдоочуларга камсыздандыруу полисин алууга 1 ай жетиштүү болмок.

Ал эми иш таштоонун башка себептери азырынча айтыла элек.

Эске салсак, 1-апрелден тартып жүргүнчү ташуучулар камсыздандыруу полиси жок болгону үчүн 500 сом айыпка тартылууда.

Айдоочулардын пикиринде, 1 ай ичинде көпчүлүктөр аны алууга жетишкен жок.

Анын үстүнө алар тарифтерге нааразы – ар бир жүргүнчү орун үчүн жылына 150 сомдук төлөм, бул болжолу менен жылына 2,5 миң сом.

Булак:Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу