Шаардык сот Сапар Исаковдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды

Бишкек шаардык сотунда мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун бөгөт чарасы каралды. Буга чейин адвокаттар Биринчи Май райондук сотунун аны 5-декабрга чейин камакта калтыруу чечимин жокко чыгарууну өтүнүп, шаардык сотко кайрылган.

Бүгүнкү соттук жараяндын жүрүшүндө Сапар Исаковдун адвокаттары ишти караган шаардык соттун Нурбек Эсеналиев төрагалык кылган коллегиясын алмаштыруу өтүнүчүн келтиришти. Бирок өтүнүч канааттандырылган жок.

Жараянда Сапар Исаковду жубайы менен көрүштүрүүгө уруксат берилген жок. Мындай чечим мурдагы премьердин сотко катышып жаткан тарапкерлеринин нааразылыгын жаратты.

Бишкек ЖЭБин жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айыпталган Исаков 5-июнда камакка алынган.

Ал өзү бул иште «саясий боёк» бар экенин айтып келет. Соттук отурумдарда Исаков тергөөгө жардам берүүгө даяр экенин билдирип, бөгөт чарасын өзгөртүүнү сураган.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу