Шаардык сот «Президенттин кадыр-баркына доо келтирди» деп айыпталган журналистке чыккан чечимди күчүндө калтырды

Бүгүн, 16-августта Бишкек шаардык сотунда «Президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына доо келтирди» деп айыпталган журналист Нарын Айыптын бир макаласы боюнча жазган апелляциялык арызы каралып, мурдагы чечим күчүндө калды. Айыпталуучу тарап болсо 3 ай аралыгында Жогорку Сотко даттанышарын билдиришти.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура «журналисттин жазган макаласында президенттин аброюна шек келтире турган сөздөр камтылган» деп Нарын Айыпты жана «Заноза» сайтын сотко берген эле. Октябрь райондук соту айыпталуучуларды күнөөлүү деп таап, Нарын Айыптан 3 миллион сом, сайттан 3 миллион сом Атамбаевге өндүрүп берүү чечимин чыгарган болчу.

Нарын Айыптын мындан башка дагы «Заноза» сайтына жарыяланган төрт макаласы боюнча соттон күнөөлүү деп табылган.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу