Бишкек шаардык соту Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иши боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Мындай чечимди шаардык соттун соттук коллегиясы бүгүн, 28-декабрда кабыл алганын Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз өкмөтү райондук сот чыгарган чечимге байланыштуу шаардык сотко апелляциялык арыз менен 17-августта кайрылган.
Ага чейин, 25-июлда Биринчи май райондук соту Матраимовго Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматына кайра кайтууга уруксат берген чечим чыгарган.
Булак: Азаттык