Шаардык сот Матраимовдун ишин карап жатат

Бишкек шаардык сотунда бүгүн 20-декабрда Райымбек Матраимов боюнча иш каралып жатат.

Кыргыз өкмөтү райондук сот чыгарган чечимге байланыштуу шаардык сотко апелляциялык арыз менен 17-августта кайрылган.

Ага чейин, 25-июлда Биринчи май райондук соту Матраимовго Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматына кайра кайтууга уруксат берген чечим чыгарган.

Эл ичинде «Раим миллион» атыккан Райымбек Матраимов 2017-жылдын 23-ноябрында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматынан бошотулган. Өкмөт бул чечимди «анын иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатка каршы келет» деп негиздеген.

Быйыл апрелде ал «мени негизсиз жумуштан алды» деп өкмөттү сотко берген жана ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругун жокко чыгарууну өтүнгөн.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу