Шаардык сот Исаевдин кылмыш ишин токтотту.

Бүгүн, 28-июнда Бишкек шаардык сотунда Токмок шаарынын экс-мэри Канатбек Исаевдин соттук отуруму өттү. Анда соттолуучулар кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткенин айтып, аны токтотууну өтүнүштү.

Жактоочу Сергей Слесарев Исаевге карата ачылган кылмыш ишин жеңилдетип, жаңы жагдайлардан улам ишти кароону прокуратура менен жактоочулардан суранган.

Жыйынтыгында, Соттук коллегия Канат Исаевге козголгон кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу аны токтотуп, «коррупция» беренесинен «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесине өзгөрттү. Бирок, Исаевди камактан чыгарбоо чечими кабыл алынды. Ал эми башка айыпталуучулар Болот Имамадиев жана Мирлан Эсенбеков сот залынан бошотулду.

Эске салсак, Канатбек Исаев Токмок шаарынын мэри болуп турганда муниципалдык жер участогун жеке компанияга берип койгон жана мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулушун өзүнө караштуу ишканага берген» деп айыпталып жаткан.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Ишти Биринчи май райондук соту карап, Исаевди 12 жылга эркинен ажыраткан.

БУЛАК: maralfm.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу