Шаардык кеңештеги КСДП фракциясына жаңы депутат келди

Бишкек шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясынын депутаты болуп Сергей Шин мандат алды. Бул тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы кабарлады. Сергей Шин буга чейин өз арызы менен мандатын тапшырган Евгения Бердникованын ордуна депутат болуп келди.

43 жаштагы Сергей Шин — Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Роман Шиндин уулу. Ал ишкерлик менен алектенет.

Ал эми мандатын тапшырган Евгения Бердникова буга чейин 5-каналдын директору болуп келген.

Бишкектин азыркы мэри Азиз Суракматовду шайлоодо каршы добуш берген жалгыз депутат Бердникова болгону социалдык тармактарда кабарланган. Бирок Евгения Бердникова бул маалыматты төгүндөбөй да, ырастабай да келатат.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу