Жанар Акаев, депутат: Ала Бука, Чаткалда элибиз инвесторлорго да, жергиликтүү бийликке да жаалданып турушат

– Жанар мырза, жакында эле Ала-Бука менен Чаткалга барып келген экенсиңер. Элдин маанайы кандай?

-Жолугушууда элдин баары инвестолорго дагы, жергиликтүү бийликке дагы жаалданган абалда экенин көрүүгө болот. Анткени, өкмөт инвесторлорго таштап койгон, жергиликтүү бийлик да «өзүңөр билгиле» деп коюптур. Чаткалдын өзүнө эле 157 лицензия берилиптир өкмөт тараптан. Ошонун он чактысы иштейт экен. Бирок, жолун көрсөңүз мышык ыйлай турган абалда. Социалдык объектилер, ооруканалар бүткөн эмес. Ондон ашуун кен иштеп аткан жерде район шаарга айланып кетиши керек эле. Бирок, андай болгон жок да. Ала-Букадагы Көк-Серек айылында эл менен жолугушканда Бозымчак кенинин бир кызматкери ооруканда оор абалда жатканын айтышты. Мен эптеп жол киресин төлөп, Бишкекке салып ийдим. Байкуш жигит бул жакка келип, кайра ал жакка барып үзүлүп кетти. «KAZ Minerals» тараптан жардам көрсөтүлдүбү?» десем бир тыйын да бербептир. Ошо жерде иштеп, уулуу затка ууланып, рак болуп калган. Дагы беш бала ооруканада жатат. «KAZ Мineralsден» бир тыйын жардам жок. Биздин жергиликтүү бийликтер алардын сөзүн сүйлөп калышыптыр. Бул туура эмес да. Канча алтындарыбыз, жез сыртка чыгып кетип атат? Кыскасы, бул кен тармагын, кен иштетүү саясатын кайра карап чыгып, катуу тартипке салбаса, азыркыдай кетиште болбойт. Менде «бюджетке 20-30 пайызы гана түшпөсө, 60-70 пайызы сол чөнтөккө кетип атабы?» деген күмөн ой пайда болуп калды.

– Демек, эл кен иштетилгенине, инвестор тартылганына каршы эмес. Тек, анын пайдасы элге да тийишин каалайт, туурабы?

– Ооба. «KAZ Minerals» канчадан бери Бозымчакты иштетет, бирок, бир дагы объект куруп бербептир. Элди эптеп «короз кант» карматкандай кылып алдайт экен. Жолду бузган ошолор. Жергиликтүү элди ишке алат, бирок ооруп калса карабайт. Ошол жердин жолун оңдоп, мектебин куруп бериш керек. Биздин өкмөт бул маселеде катуу турушу зарыл.

– Азыр жер кыртышын пайдалануу боюнча мамкомитеттин жетекчилери алмашты. Жакшы өзгөрүү болот деп ойлойсузбу?

– Бизде ким кызматтан кетсе, элди бир сүйүнтөт. Бирок, анын ордуна келген адам кейитет. Себеби, салыштырмалуу начарлары кызматка келип атат. Ушул жагы өкүнүчтүү. Өкмөттөн бирөө кетсе «жакшы болду» деп сүйүнөсүң, бирок, жаңы келген киши андан да начар болуп чыгат. Жакшыраагы келгенин мен көрө элекмин.

Аттокур Жумаев

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу