Чүчкүрүү, ыктытуу, колдун бышаруусунун себептери…

Адамдын организминде болуп жаткан биологиялык кубулуштардын себептерин ар бирибиз эле билбесек керек. Мисалы: чүчкүрүү, эстөө, ыктытуу… Булар организмди коргоо максатында пайда болот. Анда эмесе, так себебин карап көрөлү.

Эстөө (эстегилөө)

Эстегилөөнүн максаты: мээни сергитүү, чарчоону басаңдатуу жана нервди тынчтандыруу.

Чүчкүрүү

Чүчкүрүү менен адам өзүндөгү топтолгон “таштандылардан” арылат.

Керилүү

Адам таң эрте керилүү менен денени күнүмдүк тиричиликке даярдайт.

Ыктытуу

Аябай тез тамактанганда же чоң кесим нанды ж.б нерселерди жеп алганда ашказанга көп өлчөмдөгү аба кирип кетет. Ушундан улам ыктытуу пайда болот. Ыктытуунун башкы максаты: ашказандагы ашыкча абаны чыгарып салуу.

Уктап жатып чоочуп ойгонуу

Адам катуу чарчап, үргүлөп баратканда дем алуусу начарлап, тамырдын согушунун күчү төмөндөп кетет. Мындай учурда мээ организмге, “Адам өлүп баратат” деген белги бергендиктен, тамырлар түйүлө түшөт. Мындай учурда адам өзүн кулап кеткендей сезип, чоочуп ойгонот.

Колдун бышаруусу

Колдун бышарып кетүүсү сууну көп кармагандан улам болоору баарыбызга эле маалым. Бирок, ал бырыштардын организмге кандай таасир берээрин билбесек керек. Колдун же буттун бышарган териси, суудагы таштан тайгаланбай басууга же кол менен өйдө көтөрүлүүгө зор өбөлгө түзөт.

Унутчаактык

Жашоодогу оор кырдаалдар адамдын эс тутумун жоготот. Айрыкча психологиялык травма алган адамдар унутчаак келишет. Анткени, эс тутум көпчүлүк учурда адамды аёо максатында өзүнө маалыматты сактагысы келбей, өчүрүп турат. Бул органзмдеги табигый кубулуштардын бири болуп эсептелет.

Дененин бүдүрөп кетүүсү (куш тери)

Адам үшүгөндө териси бүдүрөп чыгат. Анткени, организм денени сууктан коргоп, андагы жылуулукту сактоого аракет кылганда ушундай көрүнүштү пайда кылат. Муну “куш тери” деп атоого да болот. Бул көрүнүш кээ бир учурда адам өтө кубанганда же кайгырганда, бир нерседен катуу таасирленгенде да пайда болот.

Көз жаш

Көз жаш — көзгө топтолгон чаң, кыпындарды чыгарып салууга чоң көмөк көрсөтөт. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянсак, адамдын жан дүйнөсү кыйналганда организм органды же клетканы кандайдыр бир сырткы таасирлер аркылуу кыймылга келтирип, жан дүйнөнү тынчтандырууга аракет жасайт. Мындан улам көз жаш пайда болот. Аны чыгарып салуу же чыгарбай коюу адамдын өз эрки

Биз адамдар организмге аяр мамиле жасап, аздектешибиз керек. Анткени, кандай учур, кандай жагдай болбосун организм автоматикалык түрдө бизди сырткы чөйрөдөгү терс таасирлерден коргоп турат экен. Кыйын жагдайда терең дем алуу менен гана организмди жайына койсок болчудай. Анткени, ал баардык көйгөйдү өз алдынча биздин пайдабызга чечип берет!

Булак: Гезит.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу