Чүй көчөсүнө Мискенбаевдин аты берилет

Алмазбек Атамбаев менен Мээрбек Мискенбаев “Форумдан” жолугуп, көк чайдан баса-баса чай ичип олтурат дейт.

Атамбаев Мискенбаевге:

—Иним, сен менин артымдан жакшы туруп бер, сатпагын иним. Калгандары баары мени сатып кетти. Кудайым буйруп дагы итим чөп жеп кетсе, сенин атыңды Чүй көчөсүнө «Мээрбек Мискенбаев атындагы көчө» деп ыйгарам.

Анда Мээрбек дардалаңдап:

—Атаке, атаке “хы-хынчы” статьяга дал келеби “шеп”, кайтарымын андай кылбай эле мындай кылсаңыз болот эле, — дейт имиш бармак менен сөөмөйүн ушалап.

Десе Атамбаев:

—Мыйзамды урганыбыз барбы, «7-апрель» көчөсүн деле мыйзамды бузуп салбадыкпы? Эми мындай да Мээрбек, — деп Атамбаев арманын эми баштап киргенде, Мискенбаев:

—Атаке, “чүш” кылгым келип атат, — деп артын карабай качып кетиптир…

Сарказмга сарасеп…

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу