Чүй-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги өтмөк оңдолгондон кийин кандай болот.


Учурда элдин ыңгайлуулугу үчүн жер үстү аркылуу өтүү үчүн жол чийиндер чийилди

Борбор калаадагы Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде өтмөктү оңдоо иштери башталды. Мэрия ал оңдолгондон кийин кандай болорун көрсөттү.

Өтмөктү оңдоп-түзөөнү «Бийик KG» ишканасы жүргүзүүдө.

«Учурда элдин ары-бери катташына ыңгайлашып, жер үстү аркылуу өтүү үчүн жол чийиндер чийилди. Андыктан өтмөк толугу менен жабылды. Куруучулар аны толугу менен оңдоп, заманбап пандустарды орнотушат», — деп жазылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Манас жана Чүй проспектилеринин кесилишиндеги өтмөктө дагы оңдоо иштери жүрүүдө.

Булак: Спутник

Аргумент.kg
Жооп калтыруу