Чүйдө 13 жаштагы кыз көз жарды.

Чүй облусунун төрөт үйүндө 23-декабрь күнү 13 жаштагы кыз көз жарды. Бул тууралуу АКИpress агенттигине төрөткананын жетекчиси Шайыргүл Мырзагалиева билдирди.

Анын айтымында, өспүрүм кыз ооруканага 22-декабрда түшүп, эртеси күнү операция жолу менен төрөгөн.

«Анын организми төрөткө даяр эмес болчу. Ошондуктан биз ага операция жасадык. Эне менен бала бүгүнкү күнгө чейин төрөт үйүндө. Ал өзүн жакшы сезип, баласын эмизип жатат», — деди ал.

Ымыркай 2 кг 900 грамм салмак менен төрөлгөн.

Булак: «turmush.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу