Чүйдө күйөөсү менен урушкан аял баласын мууздап салды

Чүй милициясынан “Азаттыкка” ырасташкандай, Ысык-Ата районунун тургуну өзүнүн бир жаштагы баласын муздап салган. Милиция тергөө кызыкчылыгына байланыштуу башка маалымат айтылбай турганын билдирүүдө.

Айрым маалымат каражаттары баласын өлтүргөн аял мурдараак ажырашкан күйөөсү менен урушуп кеткенден кийин ушундай кылмышка барганын жазышты. Учурда факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү келин кармалды. Бардык экспертиза дайындалып, тергөө жүрүүдө. (КЕ)

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу