ЧЫҢЫРГАН ЧЫНДЫК… «Сага сооп гана болот» дегиң келет…

Жеке кызыкчылык дегенди унутуп, өзүнүн күлгүндөй жаштыгын, бүтүндөй өмүрү менен керт башын сайып, «элимдин эркиндиги, жеримдин бүтүндүгү, анын жаркын жана бакубат келечеги үчүн» деп тайманбай кылычтын мизи менен басып келген кандан-бектен кайра тартпаган арстаныңды, Өмүрбек Текебаевдей уулуңарды баалап, барктай албаган шордуу кыргызга эмне деп айтат элең? «Сага сооп гана болот» дегиң келет экен. Багыңа бир жаралган чыныгы чынчыл, акыйкатчыл, көк жал уулуңдун баркын билип, башыңа көтөрүп жүрүшүң керек эле, антпедиң энөө кыргыз! Тескерисинче, ар дайым чөөлөргө талатып койуп, маашырланып карап тургандан тажабадың, кубанып кол чапкандан да кайра тартпай турасың азыр дагы. Жан күйгөндөн айтып, жарылат экенсиң. Чала гана болот сага, сооп гана болот сага! Көргөнүңөн дагы көрелегиң көп, кан срогучтар дагы далай каныңды соруп, керек болсо тирүүлөй этиңди жейт! А сен алакан чаап, алданып, кузгундарга сатылып, куру убадаларга кубанып, куу чирен болуп отура бер, оолукма кыргызым! Ошондо жыргайсың!.

Асыран Айдаралиев.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу