Чыр башынан чыкпаган Анжеликанын кезектеги кылыгы

Жакында дүйнөгө белгилүү визажист Гоар Аветисиян Кыргызстанга  келип, Asia Moll соода борборунда мастер-класс өткөргөн. Анын  мастер-классына 4 миңге жакын адам катышкан. Кыргыздардын жылуу тосуп алганын жашырбаган Гоар Инстаграмм баракчасында ыраазычылын билдирген.

Дайыма мындай иш-чаралардан калбаган Анжелика бул жолу да кечеде болуп, модель Айжан менен чырдаша кеткени тууралуу журналист Баяна Кулова Фейсбуктагы өздүк баракчасына төмөнкүдөй билдирүү калтырган:

«Кечээ жакында белгилүү визажист Гоар Аветисян Кыргызстанга келип биздин кыздарга мастер класс өтүптүр. Жөн эле өтпөй ызы-чуу коштолуп, Анжелика апчем баарын кашасын чыгарыптыр. Тагыраагы модель Айжандын макияжы жок сүрөтүн жарыялап жиберип кырылышып калышты. Бөлөк улуттун алдында абийириңерди төгүп, ашмалтай болбой эле койбойсуңарбы атактуулар. Макияжы бары жогунда кандай экенин ансыз деле билебиз го!! Көрө албастыктын да чеги болот. Айжанда эмне күнөө, табият ошентип жаратып койсо. Сулуулардын душманы сулуулар деген чын!! Бири-бириңерге көрө албастык кылбай эле жашынакай болуп Гоардай боёнгонду үйрөнүп анан кетирип жибербейт белеңер.. Жоругуңар жолдо калсын!! Ызы-чууну баштап коюп, Анжелика баарын тазалап олтурат… Андай жүрөктүү экен, өчүрбөй кармап турбайбы. Башкаларга жукпасын мунуңар!!»

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу