Чыпалак баатыр кесипкөй артист болобу?

Элди эриктирбей ар кандай шоуларды көрсөтүп, ал түгүл кыска видеолорду да тарта салып, Ютуб каналына жүктөп элдин пикирин уккан “Чыпалак баатыр” жакында кастингге катышкан видеосун жүктөп:

“Кандайсыңыр менин фанаттарым, солдаттарым! Мени каякта жүрөт деп издеп, эки көзүңөр төрт болуп атса, мен профессионал актёр болоюн деп аракет кылып, «Кыргызкастингде» окуп жүрөм. Анан менин менеджерим инстаграмда менин атымдан атайын ката жазып, менин атыман колдонуп ар нерсени жазып жатат да, мен негизи инстаграм колдонбойм, простой эле телефон колдоном. Ошого ишенбегиле демекчимин. Бул менин өзүмдүн каналым, фейк эмес. Просто видеону жүктөгөн бала туура жазып берет. Эми мен дайыма жаңы видеолорумду жүктөп турам!” деп жазды.

Ал эми бул видеосунда Кыргызстандагы белгилүү, профессионал актрисалардын бири да аткарганы бар. «Чыпалак баатыр эми кино актер болобу?» деген суроолор да байма-бай жазылууда.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу