Чыпалак баатыр: «Гүлзат Мамытбекти тааныбасам, ага кайдан үйлөнмөк элем»

Бардык нерсени томкорот, сүйрөйт, көтөрөт… Акыркы күндөрү интернет жылдызына айланып бараткан куудул, кыргыз элине балбандыгы менен таанылган Чыпалак баатыр- Зарылбек мырза «zaman.kg» маалымат агенттигине пикир бөлүшүп, түрдүү өнөргө ээ экенин айтты.

-Өзүңуз тууралуу айта кетсеңиз?

Мени бир тойго барганда ошол жердеги тамада «Чыпалак баатыр» деп атаган. Мен Чыпалак баатырмын деп өзүмө ат койгон эмесмин. Керек болсо Чыпалак баатыр деп койгон тамада байкени да тааныбайм. 20 жашымда тоонун боорунан жарым тоннадай чоң таш кулап, жолду тосуп калыптыр. 2 бала оодара албай жаткан экен, мен барып жалгыз эле оодарып, жолду ачкам. Андан кийин өзүмдүн айылымдан 50 литрлик 2 фляганы көтөрүп, 1 жарым чакырымга чейин бардым. Ошондон баштап кара күчтүн ээси экенимди билип, ар кандай трюктарды ойлоп таба баштадым.
22 жашымда Абдылас Малдыбаев Бишкектеги опера жана балет театрына тапшырып, ортодон бир дары саткан фирмага азгырылып иштей калам деп окуумдан чыгып калгам. Анан ары эмес же бери эмес болуп ата-энемдин жанына бардым. Сыналгыдан Ташчайнарды көрүп, балбандыкка кайра кызыгуум артты. Мурда айылда эле жөнөкөй эле бала болуп жүрчүмүн, бара-бара тойлорго барып Чүй облусуна, андан кийин сыналгы, интернет аркылуу бүтүндөй өлкөбүзгө таанылып жылдызым жана баштады.

-Торпокту көтөрүп чапканыңыз көпчүлүктү таң калдырууда, ал торпок канча килограмм эле?

— Бул окуя 2015-жылы январда болгон. Мелис жездемдикине барсам 5-6 чоочун бала жүрүптүр. Алар “алар торпокту көтөрүп рекорд кылбайсыңбы” дешкенинен 120-130 килограммга жакын торпокту кулачым араң жетип көтөрүп жатсам колуман түшүп кетти. Интернеттен көргөндөр атайын кылды деп ойлоп калышты окшойт, видео толук тартылбай калыптыр да. Ошол маалда өзүм “ээ эми тууган болуп туруп 25-30 миңге торпок төлөп берет турбаймынбы”,-деп ойлоп, жүрөгүм түшүп калган. Торпок өлгөн эмес, 5-6 мүнөт өзөрүп жатып өзүнө келген. Кийин килейген бука болуп, керек болсо 1 жыл мурун сатылып да кетти.

-Жумуртканы кабыгы менен бүкүлү жутканыңыз элди таң калдырууда?

 Бир ирет Мелис жездем дасторкондо турган сууга бышкан 3 жумуртканы көрсөтүп ”жутуп көрбөйсүңбү”-, деди. Майлабай, кургак эле бирөөсүн кыйналбастан жуттум. Экинчиси араң, үчүнчүсү зорго кетти. Бул өнөрдө 3 жумуртка көптүк кылат экен. Андан кийин “Замана”студиясына чыккам ал жактан каздын чоң жумурткасын алып келишти, мен ойлодум эми бул чоң жумуртка оозума батпай калат го дегем бирок батып кетти. Бирок ошол видеону интернетке чыгарышкан жок мен таппай койдум интернеттен карап.

-Башка балбандарды өзүңүзгө атаандаш көрөсүзбү? Мисалы Ташчайнар балбанды?

— Эми атаандаш болгудай башкалар мага окшоп чыпалак менен өнөр көрсөтүшкөн жок да. Балбандар саналуу эле болгондуктан аларды сыйлайсың. Спортчу, ырчыларга окшоп жайнап кеткен жок да агылып. Биздеги балбандардан ашып кетсе бешөөбүз эле жүрөбүз. Мен эми атаандашчуудай ырдап бийлегеним жок өзүм 25 тюрктарды ойлоп таап жатсам кайдагы атаандаш. Мен тюрктарымды болсо жеке өзүм ойлоп тапкам.

-Бул өнөрүңүз кичине кезиңизден эле барбы же?

-Бул өнөрүмдү мен кичине кезимде билбейт болчумун. Ырчы болом деп кыялданчумун, бирок балбан болуп калдым. Өнөрүмдү кийинчерээк байкап билип калдым.

-Мындан башка дагы кандай өнөрлөрүңүз бар?

 Рэп жазам, ырдайм, акындык, куудулдук жайым бар. 2009-жылдары рэп жазып дос баламдын айылдаштарына окуп берсем жаш балдардан бери каткырышты. “Мунуңду батыраак интернетке чыгар, бул реп дерзкий жана Добрский реп болуптур”-, дешти. “Үч дөө” деген ырым интернетте “хит» болуп тарап кеткен. Андан тышкары «Эркектер-2» тасмасында эпизоддук роль жараткам. Өзүм да көптөгөн макалдарды жаратып келгем “Тантырабай так сүйлө, далдырабай даана сүйлө” жана башка макалдарым бар.

-Үй-бүлө куруу үчүн кыз издеп жаттыңыз эле? Өз сүйүүңүздү таптыңызбы?

-Таба элекмин. Мындан бир топ жыл мурда бир кызды жактыргам. Андан кийин сүйө элекмин, андай кызга жолуга албай жүрөм. Азыркы кыздарга акча эле болсо болду экен. Акчаң жок маңка экенсиң. Интернет булактарынан көп эле кыздар чыгат, бир күндө отуз кыркдай кыздар чалат бирок ошолордун арасынан түрдүүсү болот экен. Жакшы эле сүйлөшөйүн дейсиң анан эле түшүнүксүз кыздар болуп калат. Мени түшүнгөн оңдуу, сөзүнө турган кыздар жок. Бүт эле кыздар сөзүнө турбай ата-энем менен тааныштырайын десем эле качып кетип атышат. Балким убагы келип табылып, бактылуу болуп кетээрмин.

-Кыргыз элине кандай пайда алып келейин дейсиз?

-Өзгөчө чоң кыялдарым максаттарым бар. Максаттарыма жетиш үчүн мени колдогон спонсорлор, депутаттар же акчасы көп адамдар чыкпай жатат. Колдогондор чыкса дагы да көп тюрктарды чыгарат элеме өзгөчө кайталангыс кылып көрсөтөт элем. Спонсорлор жардам берсе формамды кыргыз стилинде тиктирип башкача образда чыкмакмын.

-Гүлзат Мамытбекти жакындан тааныйсызбы? Интернет тармактарында экөөңүздөрдү үйлөнөт деген сөздөр кызуу талкууда…

-Ооба обу жоктор ошентип чыгарып жиберишиптир мен аны жакындан да тааныбайм. Эч кандай мамилем жок. Аны мен көргөнда эмесмин. Обу жоктор Гулзат экөөбүздүн сүрөттөүбүздү жабыштырып үйлөндү деп, жазап чыгарып ийиптир. Аларды ким кылганын билбейм. Ошону көрүп алып элдин баары эле үйлөндү деп атпайбы. Ошо мен аны жакындан эмес алыстан да тааныбайм, керек болсо сүйлөшкөн да эмесмин. Бул жөн гана интернеттен чыккан ушак.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу