Чын сүйгөн адамдын белгилери.

Ашык болуу – ар бирибиздин башыбыздан бир жолу болсо да өткөн, эң таттуу сезимдердин бири. Жүрөгүбүз алып-учуп, чыдамсыздык менен соксо, кээде коркунуч сезими уялайт. Ашык болгон болсоңуз, жашооңузду сүйүктүү адамыңызсыз элестете албайсыз. Албетте буга чейин өмүр сүрүп келгениңиз анык, бирок ал кезде бар болгону тирүүлүктүн ээси сиз гана болчусуз.

Махабат ар бир адамдын башынан ар кандай өтөт. Анын субъективдүү сезим экени чын. Бирок башынан өткөргөн ар бир адам махабаттын дүйнөдөгү эң сонунун сезим экенин моюндашат.

Чындап ашык болгон адамдын белгилери төмөндөгүдөй болот:

Сиздин сүйүктүүңүз ар бир күнүңүзгө шаттык тартуулайт

Америкалык актер жана музыкант Чайлдиш Гамбино ырларынын биринде «Мен жалгыз калган кезде бир сен менен болууну кыялданам» дейт. Ошол сыяктуу сүйүктүңүздү көргөн күн – чыныгы бактылуу чак. Эгер сиз чындап бирөөнү жакшы көрсөңүз, аны ар дайым көргүңүз келип турат.

Ойгонор менен биринчи оюңузга келген адамыңыз – сиздин өмүрлүк жарыңыз

Ал адам тууралуу эртең менен гана эмес, уктаар алдында да ойлоносуз. Ар дайым кубанычыңызды биринчи ал адам менен бөлүшкүңүз келет. Ал эми жаман бир нерсе болуп калган учурда ошол адамдын колдоосун издейсиз.

Жеке кызыкчылыктар экинчи орунга жылат

Махабат курмандыкты талап кылат. Ашыгыңыздын кызыкчылыгы алдыңкы катарга жылат. Сиздин кызыкчылыгыңыз сүйүктүңүздүн жанында эч кандай роль ойнобойт.

Сиз ал үчүн баардыгын жасоого даярсыз

Сүйүктүүңүз үчүн эмне жасай аларыңыз тууралуу тизме жаза турган болсоңуз, бир дептердин өзү жетпей калышы мүмкүн. Бирөөгө ашык болгон кезде ал адамдын тилегин милдеттүү түрдө аткарасыз. Адамды жактырган кезде ал үчүн бир нерсе жасай аларыбыз анык. Бирок мүмкүчүлүктөр чектелүү болот. Ал эми махабат маселесинде андай эмес.

Өз сезимиңизди башкалардын алдында жарыя кылуудан эч коркпойсуз

Ашык болгон кезде жүрөгүңүздөгү сезим тууралуу бардыгы билсе экен деп ойлойсуз. Өз сезимиңизди жарыя кылуудан коркпойсуз.

БУЛАК:.zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу