Чыныгы реформатор же 5 күндө 50 миллиард доллар арам акчаны кустурган Махатхир Мухаммед!

Жакында эле Малайзиянын өкмөт башына оппозиция келди. Тагыраак айтканда тээ бир кездеги легендарлуу инсан – жакыр өлкө болгон Малайзияны 20 жылда дүркүрөп өскөн эң алдыңкы өлкөлөрдун бирине айланткан, 15 жыл мурун саясаттан кеткенин жарыялаган, азыр 92 жаштагы Махатхир Мухаммед кайра саясатка келип, бийликтин тизгинин өз колуна алды. “Бөрү карыса да бир койлук алы бар” дейт даанышман элибиз. Көрсө, ким болсо да биринчиден таза ыйман, анан саясий эрк гана керек экен мамлекет башчыга. Махатхир Мухаммед бийликке келгенден кийин болгону беш (5!) гана күндүн ичинде мына буларды жасап үлгүрдү:
1. Экс премьер-министр Нажип Ибрахимди каматты.
(Анын үйүнөн малекеттен уурдалган, 72 чемоданга толтурулган доллар жана зер буюмдар табылды).
2. Ага кошуп дагы 9 министрди каматты.
3. Коррупционерлердин чет өлкөгө качуусунун алдын алуу максатында аларга карата аба жана деңиз жолдорун дароо жаптырды.
4. Ишкерлерден 144 адам коррупцияга шектелип камакка алынды.
5. Ошондой доомат коюлуп дагы 50 сот камалды.
6. Дагы ошол эле күнөө менен милиция чоңдорунан, күч органдарынан 200 адам камалды.
7. Мамлекеттик чиновниктердин маянасы кескин төмөндөтүлдү.
8. 5 күндун ичинде коррупционерлердин чөнтөгүнөн мамлекет казынасына 50 миллиард доллар төктүрдү.
9. 2018-жылы июнь айынан баштап мамлекеттик салыктар жалпы бир беткей төмөндөтүлмөкчү.
10. Чиновниктердин элге кызмат кылуу жүрүмү көзөмөлгө алынып, бериле иштебегендер чекеден сот жообуна тартылууда.
11. Чиновниктердин мамлекет эсебинен минген машиналары жана чыгашалары тыкыр иликтөөгө алынып, “кустурулууда”.
12. Мамлекеттин ар бир жаранынын арыз-дооматтары түз кабыл алына турган маалымдоо булактары түзүлду.
13. Маалымат каражаттарынан коррупциянын бетин ачууга катаал киришүү талап кылынды.

Буларды жасоого 5 гана күн кетти!!!

Муслим Кудайкул

Нурдин Мотуевдин Фейсбук баракчасынан алынды.

Булак: NazarNews.kg 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу