ЧЫНЫБАЙ ТУРСУНБЕКОВ ҮЙҮНӨ ТҮНӨБӨЙБҮ?

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков шефине жагалданып иштеп, көп учурда КСДПга жакпаган депутаттарды акырын басмырлап, ЖКда ким “шеф” экендигин көрсөтүп коймой жайы бар. Депутаттар көтөргөн айрым маселелер аташкасына жакпай турганын билген Акунович эл өкүлдөрүн акырын гана жолго салып, айрым учурларда аша чаап да кетет.

Ал эми анын үйдө кандай ата экени тууралуу кызы Бегимай гезиттердин бирине маек берген. Анда 25 жаштагы Бегимай Чыныбай Турсунбековду акыркы күндөрү телевизордон гана көрүп калганын айтат.

“Мурда үй-бүлөлүк бизнесибиз менен гана алек болгон учурда эс алуу күндөрүн чогуу өткөрүү салттуу адатыбыз эле. Баарыбыз чогуу киного, кечки тамакка барып, сейилдеп келчүбүз”,-деп өткөн күндөрүн эстеген ал.

Атасы саясатка кирген акыркы беш жылдан бери жумушунан бошобой жатканын айткан Бегимай мурун атасы менен өткөргөн күндөрүн сагынганы билинип турат.

Булак:Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу