Чыныбай Турсунбеков «чындык» тарапка, Текебаевге биригеби?

 

«Өмүрбек Текебаев экөөбүздүн мамилебиз азыр да абдан жакшы», — деп бүгүн, 30-июнда маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков журналисттерге билдирди.

«Экөөбүз кесиптеш катары абдан мамилебиз жакшы. Азыр сот процесси боюнча маалыматтарды “Ата Мекен” фракциясынын депутаттарынан, журналисттерден маалыматтарды угуп турам. Эсиңиздерде болсо керек, буга чейин мен төрт фракциянын лидери менен УКМКнын абагына барып деп соолугун сурап келгем. Буга чейин биз бир коалицияда, бир багытта да иштегенбиз. Ошондуктан Өмүрбек Чиркешович менен мамилем жакшы деп айта алам», — деди Турсунбеков.

Акыркы күндөрү Чыныбай мырза КСДПдан өгөйлөнө баштадыбы же бийликтин кемеси чөгүп бараатканын, адилеттүүлүктөн тайганын көрүп туруп, мыйзамсыз иш аракеттерине ичи чыкпай алар менен кош айтууну чечтиби айтор Чыныбай мырза бүгүн өзүнүн эрктүүлүгүн, чечкиндүүлүгүн көрсөтүп калыс пикирин айтты. Бийликтин берки ылдыйбаш кошоматчы сөрөйлөрүнөн айрымаланып. Айрым маалыматтарга таянсак КСДПнын ички интригаларынан улам, Атамбаев менен келишпей калган имиш. Бул маалыматты Атамбаев да далилдеп койду. Атамбаев «КСДПдан бир гана Жээнбеков чыгат, ал эми Турсунбеков бизге жакында эле келген. Эгер шайлоого баргысы келсе партиядан чыгып өзүнчө бара берсин» деп Чыныбай мырзага ишеним артпай турганын ачык эле айтты. Менимче Чыныбай мырза бийликтин мыйзамсыз иштерине аралашкандан көрө өзүнчө кеткени же чындык тарапка, Текебаевге колдоо көрсөткөнү дурус. Келечекте Чыныбай мырза тарыхта калгысы келсе ушундай чечкиндүү кадамга баруусу керек.

Булак:Чындык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу