Чыныбай Турсунбеков талапкерлигин албаса, сентябрда спикерлик креслосунан кол жууйбу?

Агымга каршы сүзгөндөй болуп, Чыныбай Турсунбеков КСДПнын талапкерине каршы
аттанганы, өзү да шайлоого барарын жар салгандан бери ар кандай божомолдор
болууда. Кээ бири «Чыныбай өзү Атамбаев менен сүйлөшүп, бийликтин долбоору катары
чыгууда» дешсе, айрымдары «жо-ок, анын каражаты жетиштүү, утуп чыгышы мүмкүн»
дегендей ойлорун билдиришүүдө. Кандай болгон күндө дагы, Турсунбековдун шайлоого
аттанышы бир топ карталарды буза турганы, болжонгон кырдаалды өзгөртүүгө салым
кошуп, күздө чоң оюнчу катары көрүнүшү ажеп эмес. Кызыгы, сентябрга чейин Чыке
бүгүнкү позициясынан айнып, талапкерлигин кайра чакыртып алышы мүмкүн, же
болбосо депутаттар каникулдан келгенден кийин коалициянын тарашы менен
спикерлик креслосунан айрылып, катардагы коллегаларына кошулат. А балким, учурда
дүркүрөп өсүп аткан бизнестери текшерилип, кылмыш иштери козголуп, үстүнө балээни
үйсөчү? Биздин заманда баарын күтсө болот…
Булак: «Азия Ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу