Чыныбай Турсунбеков Сапар Исаковдун оозун эле карап турганбы?

Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков президенттик шайлоого талапкерлиги коюлушу мүмкүн. Бул тууралуу ал бүгүн «Спутник-Кыргызстан» радиосунун түз эфиринде угармандардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Бүгүн Сапар Исаков Роза Отунбаеванын “Таза Коом” долбоорун сындаганына жооп кайтарып жатып, “мен президенттикке барбайм” деп билдиргенден кийин Чыныбай Турсунбеков президенттикке барарын чекесин чыгарып жатат. Чыныбай Турсунбеков Сапар Исаковдун оозун эле карап турганбы.

Чыныбай Турсунбековдун жообу: Бизде президенттикке татыктуулар көп. Такшалган саясатчылар бар. Ошолордун бир тобу татыктуу деп ойлойм,- деген Турсунбеков журналисттин «балким ошолордун бири сиз» деген суроосуна «балким» деп жооп кайтарды.

Булак:fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу