Чыныбай Турсунбеков, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: “Стамалиева мага байланыштуу айткан жерде жаңылып калды…”

— Чыныбай Акунович, парламентте күтүүсүздөн “КСДП фракциясы оппозицияга кетсин, каолиция тарасын да, кайра түзүлсүн” деген билдирүүлөр эмнеден кабар берет?
— Албетте, мунун баары КСДПдагы акыркы кырдаал, партиянын экиге бөлүнүшү, бир бөлүгүнүн расмий оппозицияга кетиши, экинчи бөлүгүнүн коалицияда калышы көп адамдарда суроо жаратып жатат. Ошого байланыштуу “оппозицияга кеткиле биротоло, же бириккиле” деген мааниде чыгып жатат.
— Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Стамалиева азыркы жана мурунку президенттердин мамилеси тууралуу чоң билдирүү жазды. Анда сиз тууралуу да айтылыптыр. Чын эле сиз съездде өзүңүздү президенттикке талапкер катары жарыяладыңыз беле?
— Мамлекет башчынын маалымат-катчысы мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жалган айтса болот, бирок, жаңылбаш керек деп ойлойм. Стамалиева мага байланыштуу айткан жерде жаңылып калды. Анткени, мен съездде өзүмдүн талапкерлигимди жылдырган эмесмин. Анын себебин мен жакшы түшүнөм. Съезд июлда өттү. Май айында Атамбаевдин тапшырмасы менен Фарид Ниязов саясий кеңештин жыйынын 17-майга уюштурду. Ошол жыйында бир гана талапкерге токтолгонбуз. Бирок, ошол мезгилде деле партиянын ичинде ар кандай кырдаалдар бар болчу. Азыр сыртка чыгып калган чагымдар ошондо эле бар болчу дегеним. Ал нерсени мен съездде ачык айтып коюуну туура көргөм. Съездде чыгып мен өз талапкерлигимди жылдырган жокмун. Мен чыгып, партиядагы кырдаал боюнча өз позициямды билдиргем. Албетте, анда кыйкырык-чуу менен кабыл алышкан. Аларды уюштургандарды да билем бүгүнкү күнгө чейин. Эң башкысы, мен сыйлаган бир топ партиялаштар съезд бүткөндөн кийин мага келишип, “сиз туура кылдыңыз, туура проблемаларды айттыңыз, ачык айтканыңыз туура болду” деп колумду кысып кетишкен. Муну алмаштырбаш керек. Дагы айтам, мен ошол мезгилдеги партиядагы кырдаал боюнча позициямды гана билдиргем.
— “Атамбаев кимди колдойт?” деген маселе болду беле?
— Атамбаев кимди колдошу өтө маанилүү болчу. Анын ошол кездеги авторитетин, саясий чөйрөдөгү ордун, колундагы бийлигин эске алганда, көп нерсе ага байланыштуу болчу. Ошол кезде “мен эртең президент болуп калышым мүмкүң” деген үмүт менен жүргөндөрдүн бирөө маселе койгон. “Бабанов менен жакшы, аны колдосо керек” деп чыкты. Февралда эле мен айткам, “Атамбаев эч качан Бабановду же, башка партиянын өкүлүн колдобойт, 25 жылдан бери КСДПны өзү түптөп, ушуга чейин алып келсе, ушу партиянын артындагы биз баарыбыз аны колдоп, тирөөч болуп келатсак, анан бизди сатып, башканы колдоп кетет деген эч кандай логикага туура келбейт, ушул жерде отургандардын бирөөбүздү колдойт” деген сөзүмдү айткам. Ошол айтканым чын экенин кийинки кырдаалдар далилдеди.
— Бабановдун маегин көрсөңүз керек. Анда да ал өзү да жакында келе турганын тастыктады. Ал келсе, аны канадй тагдыр күтүп турат? Же айтылып жаткандай, өкмөт башчысы болуп келеби?
— Андай жоромолдор бар. Саясатта алдын ала пландар түзүлөт. Ошол пландарды ишке ашырыш үчүн иштер жүрөт. Саясатта саясий күчтөр өлкөнү өнүктүрүү программаларын түзүшөт. Ал программаларды ишке ашыруу үчүн ар түрдүү ыкмаларды колдонушат. Анткени, эл ишенимин алыш керек, шайланып келиш керек. Азыркы жоромолдор да ошондой болушу мүмкүндүгүн билдирет.
— Демек, Бабанов бийлик менен сүйлөшүп келатат деп түшүнсөк болобу?
— Аны айта албайм. Бирок, кандайдыр бир жоромолдор бар.
— Текебаевдин акталып чыгышы керектигин айткандар көбөйүп жатат. Сиздин оюңуз кандай?
— Текебаев жөнүндө менин эң негизги позициям кандай болгонун айтыш үчүн мен бир тарыхты айтып кетишим керек. Бүгүнкү күндө Өмүрбек Чиркешовичке күйгөн кишилер көбөйүп калды. Ал камалаардын алдында кырдаал башкача эле. Негизи эле, Текебаев менен Атамбаевдин ортосундагы тирешти оңдош үчүн эң көп аракет кылган адамдардын бири менмин. 2010-жылдары эле экөөнүн ортосунда бир топ маселелер болгон. Анда мен да, Текебаев да фракция лидерлери элек. Ал эми камалаардын алдында бир канча жолу ортого түштүм. Акыркы жолу мына-мына камалат деп турганда, ошол кезде Кыргызстандын тагдырын чечип жаткан бир канча адамдын алдында бул маселени койгом. Ток этээрин айтайын, ошондо мага “учкашпа, учкашкандан кийин түшө качпа” дешкен. Мындайча айтканда, менин Текебаевге карата мамилем ушундай бойдон калды. Ал чыгыш керек. Мыйзамдуу акталыш керек.
Динар Турудугулова

БУЛАК: Азиянюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу