Төрага Чыныбай Турсунбеков ЖКнын жыйынында кагуу жеди.
Бүгүн, 7-июнда парламенттин жыйынында депутаттар каттоодон өткөндөн кийин төрага сөз депутат Наталья Никитенкого берилерин айтты. Никитенко жыйындар залына жаңыдан кирип келе жаткан болчу.
“Наталья Владимировна шашып чуркап келе жатат. Батыраак”,-деди Турсунбеков.
Депутат болсо төрагага кайрылып ыйгарым укуктарынан аша чаппоого жана депутаттарга сый менен мамиле кылууга чакырды.
“Менин кыймылым тууралуу комментарий берүүнүн кереги жок”,-деди ал.
Булак: Каганат