Чыныбай Турсунбековдун сөзүнө ким ишенип, шайлоодо колдойт?

КСДП саясий кеңешинде көп жылдан бери жүрүп,партиянын кадыр-баркынын «артышына» кол кабыш жасап, олигарх башы менен каржылап келатып, президенттик шайлоо жакындаганда бийликтин «рупор» саясий уюму тарабынан талапкер статусун ала албаганы аз келгенсип, андан «тебилип» кеткен Чыныбай Турсунбековдун «ич күптүсүн» түшүнсөк болот.

КСДП өз курултайын 15-июлга белгилегенин билебиз. Бирок, анын чынында качан өтөөрү тууралуу талаш-тартыштар токтобой келатат. Бийлик партиясы Сооронбай жээнбековго гана токтолоорун ажо Атамбаев айтканы менен, учурда партия ичи ыдырап ,өз ара тытышып атканын кантип калпка чыгыры алабыз? Буга далил ЖК төрагасы Ч.Турсунбековдун президенттикке аттанып жаткандыгы. Аны ал мурдагы жума атайын маалымат жыйында кабарлады.

Анткен менен коомчулукта Турсунбековдун президенттикке ажонун КСДП кимди колдой турганын кайра-кайра кайталап атканына карабастан, аттанып чыгаарына ишенгендер өтө аз. Себеби, бизнесмен-олигарх Чыке бул даражасына арам жол менен жеткенин, коррупциялык иштерге аралашып калганы азыр кеңири кеп болууда. Ошондуктан, «ажонун кебин эки кылып, бийлик партиясынын талапкерине каршы аттанса, ошол замат кылмыш ишин козгоп, мойнун бурап коет»- деп жатышат. Ошондой коррупциялык иштердин бири- Бишкек лекер-арак заводун сатып алганы имиш. Өзү маалымат жыйынында бул маселеге топтолуп, бул маалыматты айтып чыккан Ташиевди сот аркылуу жеңип, кечирим суратканын шардана кылды. Анткен менен, биздин маалымат боюнча, аталган маселе боюнча соттун чечими Ташиевдин катышуусу жок эле, жең ичинен чыкаан да, Ч.Турсунбековдун арак заводду сатып албаганы айтылап, «Ата-Журттун» лидерин 50миң сомго доого жыккан. А бирок, кызыктуу момент айтылып келаткандай, арак заводду шектүү болгон арзан баага сатып алууга Чыке эмес, анын тууганы катышканы соттук документтерде айтылыптыр.Ч.Турсунбековдун  бул тууганы өмүр бою слесарь болуп эмгектенип келатса, анда арак заводду сатып алууга кайдан акчасы болсун?!  Кайсы жагынан алып караба, тиешелүү кызматтар текшерсе кыңыр иштери ачылып калаары көрүнүп турбайбы. К. Ташиевди сот кечирим сурап, 50 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендириптир. Баш » Ата-Журтчу» чет жакка чыгайын десе, сот аткаруучулар «запрет» койгондуктан, аргасыз бул сумманы төлөп бергенин билдик. А бирок, Чыныбайдын «Ташиев менден кечирим сурады»- дегеи карандай каоп экен.

Айтор, ушинтип коомчулуктун  башын адаштырып, жалган сүйлөө менен өзүнө рейтинг топтоо амалын жасаган адамды ким ишенип президент кылып шайлайт? Уят болоорун билип туруп, чыкпай эле койсо болмок!

Булак: Майдан.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу