Чыныбай Турсунбековдун президент Жээнбеков менен экс-президент Атамбаевди жараштыруу аракети ишке ашпады

Мурунку парламенттин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Атамбаев менен Жээнбековду жараштырууга аракет жасаган жалгыз гана адам болду көрүнөт. Бирок, анын бул идеясы ишке ашпай калды. Атамбаевдин жанында жүргөндөр дагы Чыныбай Турсунбековдун идеясын колдоого албай, эки досту элдештирүүгө кызыкдар болбогону таң калыштуу болду. Алар Атамбаевден катуу кагуу жеп калабыз дегендей четке чыга беришиптир. Мамилени бузууга Атамбаев өзү биринчи жол берген соң, ошол тарап элдешүүгө кызыкдар болушу шарт эле да. Акунович “Форум” жактан колдоо болбогон соң, өзүңөр чечип алгыла деп оюндан чыга бериптир. Чыныбай Турсунбеков азыр Атамбаев тарапка барбай турганы чындык. Аны дагы Атамбаев бал тилге салып алдап келбедиби. Кайрадан алдангысы келбейт да ал кишинин. Муну менен Атамбаев чоң колдоосунан ажырады деп карай берсе болот.

Булак: “Жаңы ордо

Аргумент.kg
Жооп калтыруу