Чыныбай Турсунбековдун айыбы ачылып, кылмыш иши козголобу?

Азырынча Атамбаевге байма-бай каттап, тарапташы катары жан сабап жүргөн Чыныбай Турсунбековдун башына кара будут айланчудай болуп турат. Убагында «АкылИнвестБанкты», «Бишкек арак-ликер» заводун кандай калчаганы, кылмышка шектелгени боюнча суроолор кайрадан көтөрүлүшү мүмкүн. Афера эмес бекен? Ошого катар Карганбек Самаковдун ишин бүтүрүү боюнча ортомчулукка түшкөнү, Манас Арабаев (мурдагы президенттик аппараттагы соттордун «Кудайы») менен чоң суммадагы акча талашканы ырасталабы? Бул жагынан далилдүү аудиожазуу чыгып калса кантет? Сыягы, бир топ түйүндүү маселелерге Чыныбай мырза жакынкы күндөрү жооп берип калбайбы? Же «соодагерлик» талантына салуу менен бу саам да будамайлап, буйтап кетеби? Азырынча суроолорду дүңүнөн коё туралы, жакынкы күндөрү чечмелейбиз.

Кубат Карачев

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу