Чыныбай СДПКдан кетсе Ата Мекенге барабы?

Чыныбай Турснбеков СДПКнын туруктуу мүчөсү эле. Азыр болсо болсо бир топ бушайман болуп жүрөт. Эски-жаңы президенттерди элдештирчүдөй болуп калды эле, бирок ою ишке ашпай калды көрүнөт. Азыр болсо агынан жарылып өзү ишенген КСДПсынан түңүлүп олтурат. Эмне ар кайсы кокутга түшүп алдыңар дегенсип ачык айтты. Учурда сыртынан билинбей, бирок 2020-жылкы шайлоонун даярдыгы астыртан башталгандай. Чыныбай мырза да ойлонуп жаткан өңдүү. КСДПдан түңүлсө кайсы жээке урунушу мүмкүн? Айрымдардын оюуна караганда Ата-мекенге ыкташы толук мүмкүндөй. Анткени ал парламентте Текебаевди толук колдогонун 60 жылдыгында ачык айткан эле. Ким билет? Бул жоромол толук ишке ашышы да мүмкүн. Анткени Чыныбай мырза сап башында ишкерлердин бири. Парламентте да спикерликке чейин ээлеп, бир топ тажырыйба топтогон.

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу