Жогорку Кеңештин эки тизгин, бир чылбырын колго алган Чыныбай Турсунбековдун төрага болгонуна бир жыл болуптур. Бул аралыкта Чыныбай мырза саясатта анча-мынча болсо да салмак топтоп, сүрсөөлөт күткөнгө жарады. Акыркы кездери КСДП президенттикке кимдин талапкерин алып чыгаарын так аныкташпай, олку солку болушу Чыныбай мырзаны жандантып койду. Дегенибиз, мен деле КСДПнын атынан президенттик шайлоого аттанып, багымды сынап көрсөм кантет деген ой кытыгылай баштады өңдөнөт, өзү туурасында пиар материалдарды жылжыта баштады.
Булак: “Фабула”